Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:36

Стамбулда украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтүүдө


Сүйлөшүүгө келген украин делегаттары. 2-июнь, 2025-жыл, Стамбул шаары.
Сүйлөшүүгө келген украин делегаттары. 2-июнь, 2025-жыл, Стамбул шаары.

Стамбулдагы Чыраган сарайында Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы башталды. Reuters агенттиги жазгандай, тараптар жолугушууда тынчтык келишими боюнча меморандумдун долбоорунун өз варианттарын сунуштайт.

Агенттик украин тарап даярдаган документте кеминде 30 күнгө толук жана эч кандай шартсыз ок атышууну токтотуу, туткундарды "бардыгы бардыгы үчүн" форматында алмашуу, ошондой эле аймактык талаш-тартыштарды талкуулоо толук ок атышуу токтогондон кийин гана башталары белгиленгенин маалымдады.

Орусия тарап даярдаган документтин мазмуну азырынча белгисиз.

Киевдин делегациясын бул жолу да коргоо министри Рустем Умеров жетектеп барды. Орусиянын делагациясын Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектеди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 2-июнда Стамбулда өтө турган украин-орус сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасында украин тарап тынчтыкка жетүү үчүн толук аракетти көрөрүн билдирген.

"Биздин көз карандысыздык, мамлекетти жана элибизди коргош үчүн баардык аракеттерди жасайбыз. Алдыңкы күндөргө коюлган милдеттер аныкталды. Дүйшөмбү күнү Стамбулда өтө турган сүйлөшүүлөрдүн алдында позицияларыбыз да аныкталды", -деп жазды украин президенти социалдык тармактагы баракчасына.

Зеленский Украина толук жана эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууну, туткундарды бошотууну жана орус бийлиги басып алган аймактардан балдарды кайтарууну талап кыларын кошумчалаган.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасын 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү Орусия Украинага өткөн аптада сунуш кылган.

Орусия Москва Киев менен тынчтык келишиминин меморандумун иштеп чыкканын жана аны Стамбулда Владимир Мединский сунуш кыларын кабарлаган.

16-майда АКШнын арачылыгы менен Стамбул шаарында 2022-жылдын жаз айларынан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.

Эки тарап Стамбулда өткөн түз сүйлөшүүдө туткун айырбаштоо жараянын 1000/1000 форматында жүргүзүүнү макулдашкан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG