Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

Сумы: Орусиянын соккусунан фермадагы жүздөгөн жандык кырылды


Украина орус армиясы ишембиге караган түнү жалпысынан 100дөн ашык дрон менен чабуул жасалганын билдирди.
Украина орус армиясы ишембиге караган түнү жалпысынан 100дөн ашык дрон менен чабуул жасалганын билдирди.

Украинанын Сумы облусунда фермага жасалган Орусиянын соккусунан жүздөгөн жандык кырылды. Маалыматтарга караганда, Ромны районундагы малканага беш дрон менен чабуул жасалган.

Аймактын башчысы Олег Григоровдун билдиришинче, ошондой эле сарайлар, ондогон тонна буудай күйүп кетти.

Бир дрон нан ташыган машинага тийип, анын айдоочусу жараат алды.

Облустун жетекчилиги 11 калктуу конуштун тургундарын эвакуациялоо башталганын билдирди. Бул чек арада жашаган жайкын тургундардын өмүрүнө коркунуч туулгандыктан жасалганын маалымдады.

Буга чейин Сумыдагы 213 конушта жашагандар милдеттүү түрдө көчүрүлүшү керектиги маалымдалган.

Украина соңку учурда Орусия Сумы багытындагы армиясын күчтөп жатканын билдирген.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын армиясы ишембиге караган түнү жалпысынан 100дөн ашык дрон менен чабуул жасаганын билдирди. Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоровдун билдиришинче, анда тогуз жаштагы кыз мерт болуп, 16 жаштагы өспүрүм жараат алды.

Орусия адатта чабуулдары тууралуу комментарий бербейт.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.



Шерине

XS
SM
MD
LG