Өз кезегинде курулуш компанияларынын айрымдары мыйзам бузбастан иштеп жатканын билдиришти. Министрлик борбор калаада жана аймактарда салынып жаткан объектилерди текшерүүдө.
Курулуш министрлиги Бишкекте жана аймактарда салынып жаткан турак жайларды текшерип жатканын, бул иш 31-майга чейин уланарын жарыялаган. Текшерүү алкагында борбор калаада көп кабат үйлөрдү курган "Аалам Строй" компаниясынын лицензиясы токтотулганы белгилүү болду.
Мекеме тараткан маалыматта "аталган компания лицензиясы токтотулганына карабай курулуш-монтаждоо иштерин улантып, бүтө элек үйгө үлүшчүлөрдү киргизип, өзүм билимдик менен колдонууга жол бергендигине жана коопсуздук эрежелерин сактабаганына байланыштуу кайрадан эскертүү берилди. Материалдар укук коргоо органдарына жиберилип, кылмыш иши козголуу алдында" деп жазылган.
Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Эрназарбек Суеркулов бул иш тууралуу:
"Лицензиясы ушул айда токтотулган. Анын үстүнө курулуш иштерин өз билемдик менен уланта бергендиктен иштин материалдарын укук коргоо органдарына өткөрүп бергенбиз. Тагыраагы, ишти УКМК карайт", - деп айтты.
"Эскертүү талаптары аткарылган"
Ал эми "Аалам Строй" компаниясы батирлерин мыйзам чегинде гана берип келе жатканын, рейд учурунда айтылган кемчиликтер жоюлганын "Азаттыктын" суроолоруна кат түрүндө жооп берип билдирди. Азыр алар лицензиясын кайра жарактуу деп табуу аракетин көрүп жатышканын маалымдады:
"Үлүшчүлөр эксплуатацияга бериле элек объектилерде ремонт иштерин гана жүргүзүп жатат. Мындайга күндүз уруксат берилет жана мыйзам бузуу болуп саналбайт. Тургундар жашаган объекттер, атап айтканда, Анкара көчөсүндөгү "Аалам Сити 1" турак жай комплексинин 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-үйлөрү мыйзамдуу негизде пайдаланууга берилген. "Аалам Сити-2" "Аалам Сити-1ге" жакын жайгашкан. Ошондуктан түшүнбөстүк жаралды. Үлүшчүлөр менен түзүлгөн келишимге ылайык, үйдү пайдаланууга бергенге чейин батирлерде жашоого катуу тыюу салынган. Расмий каттардын жана жумушчу комиссиялардын корутундуларынын негизинде биз убактылуу токтотулган лицензияны калыбына келтирүү жөнүндө кайрылуу бергенбиз. Башка объекттерде курулуш-монтаждоо иштери талаптарды жана нормаларын сактоо менен улантылууда".
Бул компаниянын лицензиясы былтыр 13-августта да токтотулуп, кайра кемчиликтер жоюлган деген негизде 16-августта калыбына келтирилген. Ошол учурда лицензияны токтотууга Анкара көчөсүндөгү объектте чыккан өрт негиз болгону айтылган эле.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тараткан соңку маалыматтарга караганда, "Ренессанс Строй", "Имарат Восток", "Интер Хаус" компанияларынын айрым объектилеринде "кемчиликтер толук жоюлганга чейин" деген негизде курулуш иштери токтотулду, "Делмар Групптун" бир объектисинде "бузуулар четтетилгенге чейин курулушту токтотууга көрсөтмө берилди, лицензиясын кайтарып алуу маселеси министрликтин кароосуна жөнөтүлдү". "Кыргыз Каганат" жана "Роял Констракшн" компанияларындагы "мыйзам бузуу фактыларын жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди". "СА Инвест Стройдун" "курулуш лицензиясын токтотууга жана инженерлердин сертификаттарын чакыртып улууга тийиштүү кат кароого жөнөтүлөрү" маалымдалды. Ал эми "Эм ЭС Билдинг", "Маэстро Кей Жи", "Арай", "ГлавГрадоСтрой", "Гарант Строй Инвест" компаниялары тууралуу “техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу эскертүү берилди, эгер аны аткарбаса курулуш лицензиясын токтотуу маселеси" карала турганы айтылды. "Авангард Стиль" боюнча коопсуздук эрежелерин сөзсүз түрдө сактоо боюнча эскертүү берилгени маалымдалды.
"Азаттык" жогоруда аталган компаниялардын расмий сайты жана социалдык баракчаларындагы маалыматтарды карап чыгып, курулуш коопсуздугун тескеген мекеменин билдирүүсүнө комментарий же жооп көрө алган жок.
"Делмар Групптун" гана социалдык баракчасына курулуш иштери кадимки тартипте уланып жатканы тууралуу маалымат чыкканын көрүүгө болот. Анда "бардык объектилерде жумуш өндүрүш календарына ылайык жүрүп жатканы, Курулуш министрлигинин коопсуздук техникасын сактоо тууралуу эскертүүсү боюнча кемчилик дароо жоюлганы, жумушчулар менен иш жүргүзүлгөнү, үлүшчүлөр менен жыйын өткөрүлгөнү" жазылган.
"Текшерүү уланат"
Курулуштагы техникалык коопсуздукту сактоо боюнча азыр масштабдуу рейддер жүрүп жатканын, алардын максаты тууралуу Эрназарбек Суеркулов төмөнкүлөрдү билдирди:
"Бул иш бир гана Бишкекте эмес, Нарын, Баткен жана башка аймактарда да жүрүүдө. Өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдү курууда эмгектенип жаткандардын коопсуздугу сакталуудабы, ошону карап жатабыз. 31-майдан кийин текшерүүнүн жыйынтыгында берилген эскертүүлөр аткарылдыбы, кемчиликтер жоюлдубу деп карап чыгабыз. Кемчиликтер жоюлбаса курулуш иштерин токтотуу, лицензиясын да алуу боюнча комиссияга сунуштамаларды киргизебиз".
Курулуш министрлиги Кыргызстанда баш-аягы 7 миңдей компанияда лицензиясы бар экенин, былтыркы инвентаризациялоо маалында алардын 2 миңи гана реалдуу иштей турганын аныктап, лицензия алып, бирок иштебей отурган же уруксат кагаздарын башкаларга сатуу менен алектенген компаниялардын лицензиясы токтотула баштаганын билдирген.
Быйылкы жылдын башына карата андай компаниялардын 800үнүн лицензиясы токтотулган.
15-майда курулуштагы кырсыктарга байланыштуу УКМК Бишкектеги курулуш компанияларынын жетекчилерин, Курулуш министрлигинин өкүлдөрүн чогултуп, коопсуздук эрежелери сакталышы керектигин, тыкыр көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын эскерткен.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылы курулушта 11 адам кулап кетсе, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172, ал эми 2025-жылдын 3 айында эле 30дан ашуун окуя катталган.
Шерине