Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Орусия темир жолдогу, бир нече аэродромдогу окуяларды теракт деп жарыялады


Иркутск. 2025-жылдын 1-июну.
Иркутск. 2025-жылдын 1-июну.

Орусия 1-июнда бир нече аймагындагы аскердик аэродромдорго жасалган дрон чабуулдарын да теракт деп жарыялады. Өлкөнүн Коргоо министрлиги аэродромдор бутага алынганын тастыктап, бул үчүн Украинаны айыптады.

Мекеменин 1-июндагы билдирүүсүндө FPV дрондор Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязан жана Амур облустарындагы аэродромдорго чабуул койгону айтылды. Канча учак жарактан чыкканы, адамдар арасында жабыркагандар бар же жогу тууралуу эч нерсе айтылган жок.

Интернетте тараган видеолордон тизилип турган бир нече учак күйүп жатканын көрүүгө болот.

"РБК-Украина" Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү булактарына таянып жазгандай, Орусиянын аэродромдоруна жасалган бул чабуулдарды украин тарап "душмандын бомбалоочу авиациясын жок кылууга багытталган атайын масштабдуу операция" деп атоодо. "Украинанын шаарларын ар түн сайын бомбалап жаткан" учактардын кеминде 40ка жакыны талкаланганы маалымдалды.

Орусия Брянск менен Курск облустарындагы жарылууларды да террордук акт деп атап жатат.

31-майда кечинде Брянскиде Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болгон, 70тен ашык адам жараат алган, үчөөнүн абалы оор экени кабарланууда. 1-июнга оогон түнү Курскиде товар ташыган поезд өтүп баратканда темир жолдогу көпүрө кыйрап, үч адам жараат алган.

Брянск.
Брянск.

Согуш шартында бул маалыматтарды бейтарап булактардан өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG