Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:18

Садыр Жапаров Ысык-Көлдү толтурган дарыялар азайганын айтты


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Президент Садыр Жапаров 30-майда Казакстандын борбору Астана шаарындагы “Борбор Азия – Италия” саммитинде аймактагы суу маселесин көтөрүп, Ысык-Көлдүн азыркы абалына токтолду.

Ал расмий Бишкек Арал деңизин калыбына келтирүү демилгесине катышууга даяр экенин билдирип, аймактагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Жапаров ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө жана антропогендик таасиринен улам акыркы бир жарым кылымда суунун деңгээли кыйла азайган Ысык-Көлдүн абалына тынчсыздануусун билдирди.

“1854-жылдан бери Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, суунун бетинин аянты бир топ кичирейип, суунун көлөмү азайып кеткен. 1950-1960-жылдары көлгө 100-110 куйма агып кирчү, азыр 30-35 гана. Бул жөн эле статистика эмес, бул Арал деңизинин жок болушуна салыштырууга боло турган катастрофанын коркунучтуу белгиси”,-деди Жапаров.

Жакында эле Улуттук илимдер академиясынын кызматкери, эколог Адилет Усупбаев Ысык-Көлгө куйган Тоң дарыясы сугаттан улам соолуп, какшып калганын айтып чыккан. Ушул кезде дарыя толуп-ташып турушу керектигин билдирген. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик комментарий берген эмес.

Өткөн айда өкмөт Ысык-Көлдү сактап калуу жана анын айланасындагы аймакты натыйжалуу башкаруу боюнча жумуш топ түзгөн.

Быйыл Ысык-Көл суусунун деңгээлин көтөрүү жана экологиялык балансты сактоо үчүн 100 миң гектар сугат жер заманбап технологиялар менен тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөрүлөрү кабарланган. Долбоорду ишке ашырууга 200 миллион доллар бөлүнгөнү белгилүү болгон.

Гидрометеорология кызматынын билдиришинче, Ысык-Көлдө суунун деңгээли 98 жыл аралыгында 3,5 метрге азайган. Суунун деңгээлинин төмөндөшүнө мөңгүлөрдүн жана көлгө куйган суунун азайышы себеп болгон.

Дагы караңыз

Шерине

XS
SM
MD
LG