Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев 30-майда кыргыз диаспораларынын, коомдук бирикмелердин башчылары, өкүлдөрү менен жолукту. Анда Орусиядагы миграциялык жаңы эреже-талаптар талкууланды.
Ушул жылдын 30-июнунан тартып Орусияга киргени жаткан чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына эреже-шарт дагы катаалдайт. Ага ылайык, Орусияга барам деген чет элдик 72 сааттан кечикпей бул өлкөгө келген, жүргөн себебин, максатын көрсөтүп, атайын мобилдик тиркемеге арыз калтырышы керек.
20-майда орус парламенти Москвада жана Подмосковьеде мигранттарды жүргөн жери, геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзам долбоорун дагы кабыл алган.
Ага ылайык, ушул жылдын сентябрь айынан тартып алгач Москва менен Подмосковьеде мигранттардын жүргөн жерин көзөмөлдөгөн төрт жылдык эксперимент башталат. Алар атайын тиркемеге катталып, укук коргоо органдарына жүргөн жери, геолокация тууралуу маалымат менен бөлүшүүгө макулдук берет.
Мигранттар өлкө бийлигине жүргөн жери тууралуу такай маалымат берип турууга милдеттүү болот. Эгер мындай маалымат үч күн же андан көп убакыт түшпөй калса ал мигранттар көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилет, башкача айтканда, аларга Орусиянын аймагында болушуна тыюу салынат.
Бул талап мигранттардан сырткары Москва менен жана анын жанындагы облуска 90 күндөн ашык убакытка келген чет өлкөлүк жарандарга дагы тиешелүү болот. 2029-жылдан тартып бул эреже Орусиянын бардык аймагына таратылат.
Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин өлкөгө келген мигранттардын милдеттүү түрдө биометрикалык каттоого туруусун киргизүүнү дагы сунуш кылган.
Былтыр Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.
Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин мигранттар, анын ичинде Кыргызстандын дагы жарандары, Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.
Шерине