Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:58

АКШ: Оогандардын атайын макамы жоюлса миңдеген качкын Кабулга кайтат


Кабулда гуманитардык жардам алганы келген бала
Кабулда гуманитардык жардам алганы келген бала

Кошмо Штаттар өлкөдө жашаган оогандарга берилген убактылуу коргоо макамын токтотууну жарыялады. Мындай кескин чечимден кийин миңдеген качкынды "Талибан" көзөмөлдөгөн Ооганстанга депортациялоого жол ачылат. Укук коргоо уюмдары жана оогандыктар эми алардын келечеги бүдөмүк экенин айтышат.

АКШнын ички коопсуздук министрлиги 12-майда өлкөдөгү ооганстандыктардын убактылуу коргоо макамы 14-июнда токтотуларын жарыялады. Эсептөөлөр боюнча мындай чечим Кошмо Штаттарда жогорудагы программанын алкагында мыйзамдуу жашап жүргөн 9 миңден 12 миңге чейинки ооганга таасирин тийгизет.

Укук коргоочу уюмдар жана оогандык качкындар Трамп администрациясынын мындай чечимин сындап, алардын мекениндеги чыныгы кырдаалды эч ким эске албай жатканын, миңдеген кишинин коопсуздугу кооптуу жагдайга кабылганын белгилешет.

Кошмо Штаттарга коргологондор

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги атайын билдирүү таратып, Ооганстанда жашоо-турмуш "кыйла оңолгонун" белгилеп, мындан ары качкындарга убактылуу макам берүүнүн зарылдыгы жок деп тапкан.

Ички коопсуздук министри Кристи Ноэм ооган жарандарынын Кошмо Штаттарда убактылуу жүргөнү "АКШнын улуттук кызыкчылыктарына каршы келет" деп белгилегени билдирүүдө айтылат.

Кабулдан эвакуация болгон оогандар Вашингтонго келип түшүүдө, 2021-жылдын сентябры.
Кабулдан эвакуация болгон оогандар Вашингтонго келип түшүүдө, 2021-жылдын сентябры.

Министрлик улуттук коопсуздук маселелерин жана кылмыштуу иштерди жүйө келтирип, атайын макам менен жүргөн айрым адамдар коомдук жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деген негизде тергөөгө тартылганын белгилейт.

Кошмо Штаттарда жашаган оогандар непадам алар мекенине кайтып барса өмүрүнө тоодой тобокелдик жараларын айтышат.

"Ооба, Ооганстанда салыштырмалуу тынчып калды, бирок маселе толтура", - деди "Азаттыктын" ооган кызматына аты-жөнүн айткысы келбеген киши.

"Азыр мурдагы аскерлерди камап жатат, дайынсыз жоголуп, айрымдарын өлтүрүп салышат", - деп кебин улаган бул киши азыр Техаста жубайы, үч баласы менен турат.

Америкага төрт жыл мурун көчүп келген ооган жигит дагы ушундай эл пикирде.

"Эгер бизди кайра мекенибизге жиберишсе анда өмүрүбүз коркунучка кептелет. Анткени биз мурдагы өкмөттө иштегенбиз, азыркы бийлик ал үчүн өч алгысы келет. Биз АКШга коопсуздуктун айынан келсек, эми программа соңуна чыгып жатат. Бул бизге көп көйгөй жаратат", - деди "Азаттыктын" журналистине сүйлөп берген маектеш.

Оогандардын мындай сарсанаасы менен кооптонуусу 2021-жылы бийликти "Талибан" кыймылы басып алгандан кийинки кырдаалга барып такалат. АКШнын жана НАТОнун аскер күчтөрү чыгып кеткен соң радикал топ Батыштагы өнөктөштөр колдогон Кабулдагы өкмөттү кулатып, бийликти басып алган.

Андан бери "Талибан" шарыятка негизделген делген катаал башкаруу системасын киргизип, адамдын укуктары менен эркиндигин чектеп, айрыкча кыз-келинди бутага алган саясатты жүргүзүп жатат.

Улуттар Уюмунун жана укук коргоо уюмдарынын баяндамаларында сотсуз эле жазага тартып, көзүн тазалоо жана кыйноо, коомчулуктун алдында жазалоо жайылды. Мурдагы мамлекеттик аткаминерлерди, күч органдарынын жана башкача ой жүгүрткөн жарандарды эл алдында жазалоо, мазактоо өнөкөткө айланды.

Роза Отунбаева ооган аялдарынын укугун коргоого чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:10 0:00

"Оогандарга артка жол жок"

"Адам укуктары биринчи", "Эл аралык куткаруу комитети", "Дүйнөлүк куткаруу" сыяктуу гуманитардык уюмдар Вашингтондун жогорудагы чечимин сындап, миңдеген оогандын өмүрү коркунучка кабылып жатканы тууралуу коңгуроо кагат. Качкындар өз мекенине кайтып барганда зордук-зомбулукка жана өлүм жазасына чейинки катаал чараларга кабыларын эскертишет.

"Трамп администрациясынын Ооганстанда кырдаал жакшырганын жүйө келтирип, оогандарды артка кайтарса болот деген чечими - чыныгы турмушка сыйбаган, кабыл алынгыс", - деди глобалдык гуманитардык жардам боюнча "Адам укуктары биринчи" уюмунун башчысы Элеанор Асер.

АКШда эгер сот кийлигишпесе оогандарга убактылуу коргоо макамын берген программаны жоюу чечими июлда күчүнө кирет. Миңдеген кишинин келечеги бүдөмүк болуп, "Талибан" башкарган өлкөгө кайтып барса өмүрү коркунучка кабылат.

"Убактылуу коргоо макамы бар адамдар - америка коомунун, мектеп жана иштермандардын олуттуу өкүлдөрү", - деп айтылат Эл аралык куткаруу уюмунун билдирүүсүндө.

Эл аралык уюмдар Кошмо Штаттардын өкмөтүн мындай "зыян саясатын" өзгөртүп, Ооганстандын жарандары үчүн өтө зарыл болгон гуманитардык коргоону улантууга үндөйт.

«Талибан» бизди тирүү койбойт". Германиядагы оогандар депортациядан коркушат
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:00 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG