Маалыматтарга карагандай, тараптар согуш туткундарын айырбаштоо тууралуу макулашып, ок атууну токтотуу багытында эч кандай алга жылуу байкалган жок. Орус тараптан ага технократтардан турган топ катышса, украин президенти коргоо министри Рустем Умеровдун жетекчилигиндеги делегацияны жөнөткөн.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Орусия менен сүйлөшүүлөрдө ок атууну токтотуу талкууланганын жана согуш туткундарын алмашуу маселелери талкууланганын билдирди. Министрдин айтымында, тараптар бир миңден туткунун айырбаштоону макулдашты.
Орус делегациясын баштап барган Путиндин жардамчысы Владимир Мединский алдынкы күндөрдө туткундарды алмашуу ишке ашырыларын билдирди.
Стамбулдагы кездешүү 90 мүнөттөн кийин аяктаганын түрк расмий адамдарына шилтеме менен агенттиктер жазышты.
Рейтер агенттиги украиналык булактардын бири Москванын талаптары “башынан эле реалдуулуктан алыс болчу, буга чейин талкууланган маселелердин чегинен чыгат” деп айтканын жазды.
AFP украиналык жогорку аткаминерге таянып кабарлагандай, 16-майда сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн, бирок азырынча пландала элек. Агенттик орус делегациясы “ок атууну токтотуу режимин баштоо үчүн Украина Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактардан өз куралдуу күчтөрүн чыгарып кетсин” деген талап койгонун жазды.
Кеп сыягы Москва кээ бир бөлүктөрүн басып алып, негизсиз эле өзүнүкү деп атаган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустары тууралуу жүрүүдө.
Орусия тарап сүйлөшүүлөрдүн айланасныдагы бул маалыматтарга байланыштуу комментарий жасай элек.
Украин президенти Владимир Зеленский Киев “кан төгүүгө чекит коюу жана дипломатиялык аракекттерге бекем пайдубал түзүү үчүн ок атууну толук токтотууга” артыкчылык берерин билдирди. Орусия андан баш тартса, ал өлкөнүн энергетика жана банк тармактарына санкция салууга чакырды.
Бул сүйлөшүүлөрдөн олуттуу майнап чыкпасы буга чейин эле күтүлүп жаткан.
Адегенде түрк президентинин Долмабахче резиденциясында Украина, Түркия жана АКШнын расмий өкүлдөрү жолукту.
Вашингтондун делегациясын мамлекеттик катчы Марко Рубио баштап жүрөт. Анын курамында Украина боюнча атайын чабарман Кит Келлог бар. Түрк тышкы иштер министри Хакан Фидандын төрагалыгындагы сүйлөшүүлөргө Киевден президенттик администрациянын жетекчиси Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига жана коргоо министри Рустем Умеров катышты.
Андан кийин Украина, Орусия жана Түркиянын өкүлдөрү өзүнчө жолукту. Интерфакс буга чейин маалымдагандай, Москва украин делегациясы менен түз сүйлөшүүгө Вашингтондун өкүлдөрүнүн катышуусуна каршы.
Анкаранын өкүлү учурашуудан кийин сүйлөшүүдөн чыгып кетери кабарланган.
Маалымат агенттиктери Мамлекеттик департаменттин саясий пландоо боюнча директору Майкл Энтон орус делегациясынын жетекчиси, Путиндин жардамчысы Владимир Мединский менен өзүнчө жолугарын жазышты.
Москванын делегациясы Стамбулга 15-майда барган. Мединский Киевден келчү топту күтүшөрүн айткан:
"Делегация конструктивдүү сүйлөшүүгө мунаса, ыктымал орток пикирди издөөгө даяр. Украин тарап менен түз сүйлөшүү жаңжалдын түпкү себебин жоюу менен эртедир-кечтир узак мөөнөттүү тынчтык орнотууну максат кылат".
"Согушту Трамп менен Путин түз сүйлөшүп гана токтотот"
Москва мындай олуттуу жолугушууга жардамчылар менен министр орун басарларынан турган топту жөнөткөнү белгилүү болгондо Рубио Стамбулдагы кездешүүдөн көп деле нерсе күтпөй турганын, согушту АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин түз сүйлөшүүсү аркылуу токтотуу мүмкүн болорун айткан:
"Президент бул согушка тезирек чекит коюуга дилгир. Буга чейин так айткандай, эң жакынкы арада илгерилөө болушу керек. Согуш өтө көп кишинин өмүрүн кыйып, өтө көп кыйроо алып келүүдө. Менимче, президент кызматташууга, алга жылуунун жолун аныктоого даяр. Менин баамымда, Трамп менен Путин бул маселеде түз сүйлөшкөндө гана прогресс болот".
Бейшембиде Украинанын президенти Владимир Зеленский Анкарада түрк лидери Режеп Таип Эрдоган менен жолуккан соң Стамбулга коргоо министри Рустем Умеров баштаган топ барарын билдирген.
"Орусия төмөнкү деңгээлдеги делегациясын жөнөткөнүнө карабай Дональд Трампты, Түркиянын жогорку делегациясын, президент Эрдоганды урматтоо менен согушту токтотуу багытында жок дегенде алгачкы кадам таштоого аракеттенүүгө даярбыз деп далилдеш үчүн Стамбулга биздин топту жиберүүнү чечтим. Бирок бардыгын эмес. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчиси жана администрация башчысы катышпайт. Делегацияны коргоо министри жетектейт" - деди Зеленский.
Украин президенти ошондой эле Орусияны тынчтык сүйлөшүүлөрүнө "олуттуу" мамиле кылбай жатканы үчүн айыптады.
Буга чейин Зеленский Стамбулда Путин менен гана көзмө-көз сүйлөшөрүн, болбосо жолугушуудан баш тартарын айткан.
Украиналыктар сүйлөшүүгө көп үмүт артпайбы?
Ал эми Киевдин тургундары Орусия кайра эле убакытты создуктуруунун аракетинде деп сыпатташат. Айрымдары Путиндин Стамбулга баруудан баш тартканы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпайт деп санашат.
"Орусиялыктардын сүйлөшкүсү келбейт, тынчтыкты каалашпайт. Мындай позициядан өздөрү гана пайда табат. Биз Европанын көбүрөк жардамына муктажбыз, Орусияга каршы көбүрөк санкциялар салынышы керек. Албетте, мен бейпилдикти каалайм", - дейт Киевдин тургуну Татьяна Чередниченко.
"Алар дайыма убакытты создуктурганы айдан ачык. Максатына жетүү үчүн согушту колундагы бардык жолдор менен улантууга аракеттенишет. Эл аралык коомчулкка биз сүйлөшүүгө, конструктивдүү диалогго даярбыз деп көрсөткүсү келет. Бирок чындыгында алардын сүйлөшүү жүргүзү ыкмасы Украинанын кемсинтүүгө тете", -деди украиналык Богдан Славич.
Эксперттердин пикири
Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кандай майнап чыгышы мүмкүн? Вашингтондун Путиндин сүйлөшүүгө барбай коюушуна реакциясын кандайча чечмелесе болот? Дегеле орус президентинин көздөгөнү эмне? Бул суроо менен бир катар эксперттерге кайрылдык.
“Менимче, эң кызыктуу сөздөрдү Рубио айтты. Ал АКШ тынчтык орнотуу аракеттерине “канча зарыл болсо ошончо убакыт жумшайт” деген сыйкырдуу сүйлөмдү айтты. Муну Байден президент болуп турганда согуш уланган үч жыл бою кайталап жүрдү. Байден курал-жарак менен камсыздоо өңдүү аскердик өңүтүн айткан. Рубио дипломатияга көбүрөк басым жасайт. Буга карабай АКШнын сүйлөшүүлөрдөн чыгуу ыктымалдыгы, "Биз аракеттендик, бирок майнап чыкпады. Башка маселелер менен алектенели" деген кептеринен кийин Рубионун кечеки сөздөрүн уктук. Ал Стамбулга аттанар алдында “Трамп бул маселе менен канча зарыл болсо, ошончолук алектенет” деп айтты. Көптөрү Путиндин сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылып, анан барбай коюусу, анын ордуна төмөнкү деңгээлдеги делегацияны дайындоо анын жараянды создуктурууну көздөгөн салтуу тактикасы деп айтышат. Менимче, бул ирет ал иштебейт. Трамп андай стратегия үчүн жакшы бута эмес. Ал сабырдуулук менен айырмаланбайт”, -дейт Гувер институтунун изилдөөчүсү Сергей Санович.
Ал эми “Новая газета Европа” басылмасынын редактору Кирилл Мартынов сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпайт деген пикирде.
“Путиндин акылга сыйган шартта бул согушту токтоткусу жок. Аны АКШнын администрациясы менен жаңы мамиле түзүү гана кызыктырат. Путин ири державалардын жетекчилер клубуна расмий кайткысы келет. Кытайдын лидери Си Цзинпиндин жанында бир трибунада турду, эми Трамп менен жолугушудан упай топтогусу келет. Андай жолугушууда башка маселелер талкууланып, Украина алардын бири гана болушу мүмкүн. Путин үчүн ал маанилү эмес. Сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан кийин Европа Путинге каршы биргелешкен бир аракет көрбөсө, анда Украина утулган болуп калат. Себеби Путин согушту азыркыдай улантуу мүмкүнчүлүккө ээ болот. Украиналыктардын каны төгүлөт, өлкөнүн инфраструктурасы талкалана берет. Путин үчүн эч нерсе өзгөрбөйт. Трамп менен алака куруу жана буга чейинкидей курулай сөздөр менен алмашууга күбө болобуз. Бул Путиндин негизги максаты: Трамп менен уруша кетпей, ошол эле маалда согушту улантуу”, -деди Кирилл Мартынов.
Буга чейин орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрү 2022-жылдын жазында өтүп, тараптар негизги маселелер боюнча мунаса таба албасы ачыкка чыгып, орус күчтөрүнүн Кивдин четиндеги Буча шаарына кыргын салганы белгилүү болгондо үзгүлтүккө учураган.
Шерине