Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берилди


Бишкек милициясы мыйзамсыз миграцияга каршы ушул айдын башында "Нелегал" деп аталган операция өткөргөн.
Бишкек милициясы мыйзамсыз миграцияга каршы ушул айдын башында "Нелегал" деп аталган операция өткөргөн.

Президент Садыр Жапаров 22-майда "Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу чаралары тууралуу" жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 10-июнга чейин убакыт берилди. Бул убакыт аралыгында керектүү документтерин өз эрки менен ырастаган чет өлкөлүк жарандар мыйзамда каралган жоопкерчиликтен бошотулат.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрүп, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант тиешелүү документтери, уруксаты жок жүргөнү айтылган. Ушул жылдын 10-июнунан тартып рейддер башталары эскертилген.

Апта башында атайын кызмат Бангладештин Х.М.М аттуу жараны мекендештерине Кыргызстандын жасалма визасын, уруксат берүүчү документтерди даярдап берип жүргөн деген шек менен кармалганын билдирген. Анын алдында Бишкекте мыйзамсыз миграцияны уюштурган деген шек менен чет өлкөлүк эки жаран кармалганын маалымдаган. Тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө алар борбордогу курулуш объекттеринин бирине 46 чет өлкөлүктү ишке мыйзамсыз орноштурганы аныкталганын жарыялаган.

Бишкек милициясы ушул айдын башында "Нелегал" деп аталган операциянын алкагында Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды алып келип жумушка орноштурууда 800гө жакын мыйзам бузуу аныкталып, 3 миллион 615 миң 500 сомго административдик протокол түзүлгөн кабарлаган. УКМК борбор калаадагы тигүү цехтеринин бири 27 чет элдик жаран мыйзамсыз иштетип жүргөнү аныкталганын жарыялаган.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Министрлер кабинети 2024-жылга чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, анын үч миңи пайдаланылган эмес.

Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат.

Шерине

XS
SM
MD
LG