Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Өзбекстан грин-карта лотереясын жеңгендердин саны боюнча сап башына чыкты


Өзбекстандагы чет элдик туристтер. (архив)
Өзбекстандагы чет элдик туристтер. (архив)

Өзбекстан жарандары АКШда туруктуу жашоого жол ачкан грин-карта лотереясын уткан өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Бул тууралуу АКШнын Green Card Office сайты жарыялаган маалыматта көрсөтүлгөн. Маалыматка караганда, былтыр лотереяга 55 миңден ашуун өзбек жараны катышып, алардын 5564ү тандалган.

Бул өткөн жылдагы жыйынтыкты камтыган маалымат. Грин-карта лотереясынын быйылкы жыйынтыгы жарыялана элек.

"Азаттыктын" өзбек кызматы акыркы жылдары АКШга түрдүү жолдор менен барууну каалаган өзбек жарандарынын саны өскөнүн жазды.

Өткөн аптада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Тышкы иштер министрлигине өзбек жарандарына АКШнын аймагына кирүүнү жеңилдетүү маселесин сүйлөшүү тапшырмасын берген. Мирзиёев ошондой эле АКШ жарандарына Өзбекстанга бир айлык визасыз режим киргизүү тапшырмасын бергенин, министрлик үч ай ичинде сунуш даярдай турганы кабарланды.

"Озодлик" радиосу бул тууралуу өзбек президентинин өлкөгө кирген туристтердин агымын көбөйтүү тууралуу токтомунда камтылганын жазды.

Президенттин токтомунда ушул жылдын аягына чейин Өзбекстандын аймагына кире турган чет өлкөлүктөрдүн санын 15,8 миллионго жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасы белгиленген.

Өзбекстанда 2021-жылдан бери жашы 55тен улуу америкалык туристтерге бир айлык мөөнөткө визасыз кирүүгө уруксат берилген. Коңшу өлкөгө турист болуп келген башка дагы бир катар мамлекеттердин жарандарына визасыз режим киргизилген.(AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG