Британия Газадагы аракеттеринен улам Израил менен эркин соода тууралуу сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотту. Расмий Лондон бул өлкөдөгү Израилдин элчисин чакырып, Иордан дарыясынын оккупацияланган Батыш жээгине көчүп баргандарга кошумча санкция салынганын жарыялады.
Британ тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Газа тилкесиндеги аскердик чыңалууну "кара мүртөздүк" деп атады жана Тель-Авивди бул аймакты блокадада кармоосун токтотууну талап кылды, болуп жаткан окуяларды чечкиндүү айыптай турганын билдирди.
Мунун алдында британ өкмөтүнүн сайтында Британиянын, Франциянын жана Канаданын лидерлеринин Газа жана Батыш жээк тууралуу биргелешкен билдирүүсү жарыяланган. Анда Израилдин бул тилкедеги ири чабуулуна каршы экенин айтып, аймакта адамдардын азап-муңунун деңгээли эбегейсиз экенин белгилешкен.
Reuters агенттиги Израилдин Тышкы иштер министрлигинин комментарийин жарыялады. Анда "сырткы басым бул Тель-Авивдин өз коопсуздугун камсыздоо жолуна тоскоол" болору белгиленген.
Израилдин армиясы өткөн ишембиде Газа тилкесинде АКШ менен Европа Биримдиги террордук деп тааныган ХАМАС кыймылына каршы ири чабуул башталганын билдирген. “Гедеондун арабасы” деп аталган операциянын максаты туткундардын баарын бошотуу, тилкедеги стратегиялык райондордун баарын ээлеп алуу экени айтылган.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, соңку сегиз күндө Израилдин чабуулдарында 500дөн ашык адамдын өмүрү кыйылды. Азырынча муну көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Израил март айында эки айлык ок атышууну токтотуу келишими үзгүлтүккө учурагандан кийин Газаны блокадада калтырган. Ошондон бери бул тилкеге дээлик күн сайын сокку урулууда. Андан тышкары аймактагы 2 миллионго чукул адамга гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калды.
Согуш 2023-жылдын 7-октябрында "хамасчылар" Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.
Барымтадагылардын көбү ок атышууну токтотуу келишимдеринин жана башка сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулган. Бирок ХАМАС дагы эле 59 кишини туткунда кармап турат жана алардын айрымдары мерт болгон болушу мүмкүн.
Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 52 миңден ашуун газалык каза болгонун тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы бардык адамдар бошотулмайынча жана ХАМАС толук талкаланып же куралдарын таштап, аймактан чыгып кетмейинче согушту уланта берерин айтты.
ХАМАС Израилден палестин туткундарын бошотууну, ок атышууну толук токтотуп, аскерлерин Газадан толук чыгарып кетүүсүн талап кылып келет.
Шерине