Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:26

Европа Биримдиги "Азаттык" радиосуна 5,5 миллион евро бөлөт


"Азаттыктын" Прагадагы кеңсеси.
"Азаттыктын" Прагадагы кеңсеси.

Евробиримдик "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна тез арада жардам көрсөтүү үчүн 5,5 миллион евро бөлүп берүүнү макулдашты. Бул тууралуу шейшембиде шаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Кая Каллас билдирди.

Каллас Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусунан кийин журналисттерге айткан сөзүндө бул каражат "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун "маанилүү ишин колдоо үчүн берилгенин" белгиледи.

Каллас Евробиримдиктин каржылоосу дүйнө жүзү боюнча медианын ишин камтыбай турганын, бирок Кавказ жана Борбор Азия сыяктуу региондордогу өлкөлөргө басым жасаларын айтты.
"Европа өлкөлөрү бардык зарыл каржылоону бере албасы анык", - деди ал.

Чехиянын ČT24 телеканалынын маалыматына караганда, жогорудагы акча "Европалык демократия үчүн бейөкмөт уюму" аркылуу берилет. Баш кеңсеси Прагада жайгашкан "Эркин Европа/ Азаттык" радиосуна Европа Биримдигинен каржы бөлүү боюнча ишти чех өкмөтү координациялап жатат.

"Биздин ишибизди улантууга тез арада жардам көрсөткөнү үчүн Евробиримдикке ыраазычылык билдиребиз. Кая Калластын, Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавскийдин жана башка саясатчылардын аракеттери, АКШнын Конгресси бизге бөлгөн каражатты алуу жолун издөө менен бирге журналисттик ишибизди уланта алабыз", - деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жетекчиси Стив Капус.

Быйыл мартта АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттиги (USAGM) “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берилген грантты токтотконун жарыялаган. Бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругунан бир нече саат өтпөй кабыл алынган. Буйрукта жети өкмөттүк агенттикти, анын ичинде USAGMди да мүмкүн болушунча кыскартуу талап кылынган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Кошмо Штаттардын Конгресси бөлгөн каражатты алуу үчүн агенттикке каршы сотко кайрылган. Радио өзүнүн доо арызында USAGM агенттигинин андай укугу жок экенин, анткени грант Конгресстин чечими менен берилерин жүйө келтирген. Ушу тапта соттогу териштирүү уланууда.

USAGM көзөмөлдөгөн медиа каражаттары 50 чакты тилде аптасына 361 миллион кишиге маалымат таратат.

Январда экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден бери мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу багытында аракет көрүп келаткан Трамптын редакциялык көз карандысыздык маселеси жана программалардын мазмуну боюнча агенттик менен буга чейин да пикир келишпестиги болгон. Инаугурациясынан кийин президент кайрадан ошол кооптонуусун кайталаган.

Бирок сөз болгон маалымат каражаттарынын тарапташтары эл аралык медиа АКШнын маанилүү дипломатиялык инструментине айланганын, добушун басууну алар сындаган авторитардык режимдер кубаттарын эскертишет. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG