Улуттук коопсуздук комитети согушка жалданмачылыкка байланыштуу дагы эки кишини кармаганы белгилүү болду. Ошону менен жалпы кармалгандардын саны төрт кишиге жетти.
Бишкектин Биринчи май райондук соту жаңы маалым болгон эки шектүү кишинин да бөгөт чарасы 19-апрелде каралып, 17-июнга чейин камакка алынганын билдирди. С.В.Т. жана В.В.А. аттуу эки шектүүнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы кармаганы жана Кылмыш-Жаза кодексинин 416-беренесинин (“Жалданмачылык”) 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгону жазылган.
Буга чейин УКМК эки кишини кармаганы белгилүү болгон. Алардын бири Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы "Орус үйүнүн" кызматкери Наталья Секерина жана экинчиси – Ош шаардык мэриясынын кызматкери экени айтылган.
Наталья Секеринанын жолдошу “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты. Ал адвокат менен кеңешип туруп жооп берерин айтып, бирок кийин байланышкан жок. Кармалган калган үч кишинин жакындары, адвокаты менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
УКМК бул кармоолор боюнча маалымат бере элек.
Буга чейин ар кандай шартта Орусиянын тарабында Украинада согушка катышкан үч кыргызстандыктын иши резонанс жараткан.
Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен кайрадан келишим түзгөнү кабарланган. Ал буга чейин Кыргызстанда жети жылга соттолуп, кийин пробация менен бошотулган соң чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Орусияга чыгып кеткени маалым болгон.
Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган жаран беш жылга соттолсо, Нарында Орусиянын “Вагнер” менчик аскер компаниясы менен согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгул уулу мунапыс менен абактан бошотулган.
Кыргызстандын мыйзамы жарандарга чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышуусуна тыюу салат. УКМК бул кылмышка баргандар 15 жылга чейин абакка кесилерин эскертип келет. (BTo/TAb)
Шерине