Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Бишкек: Окуучунун өлүмү боюнча эки кызматкер кызматтан убактылуу четтетилди


Бишкектеги 31-мектеп.
Бишкектеги 31-мектеп.

Бишкектеги №31 мектепте окуучу кыздын өлүмү менен коштолгон окуя боюнча мектептин педагогу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматтан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу 22-апрелде Бишкек шаардык кеңештинин комитетинин жыйынында вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Ал учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгына ылайык чечим кабыл алынарын кошумчалады.

Айрым депутаттар директордун, Бишкектин билим берүү департаментинин жетекчилигинин жоопкерчилигин кабыл алуу сунушун беришти.

№31 мектептин директору Татьяна Өмүрзакова кыздын өлүмү менен аяктаган окуя тууралуу кеңири маалымат берди.

“Орус тили сабагын баштаганда мугалим сабакта тема Чыңгыз Айтматов жөнүндө болорун жана окуучулар ыр жаттап келиши керек болгонун түшүндүрүп берет. Андан кийин мугалим интерактивдүү досканы иштетейин деп, ноутбук жок экенин эстейт. Ошол маалда класска кирип келген окуучулардын биринен ачкыч алып, кошуна класстан ноутбукту алып келүүнү суранган. Мугалим эшиктен чыкпай эле туруп, балага кошуна классты көрсөткөн. Кийин видеокамерадан карадык, окуя болгону 12 секунд ичинде болуп кеткен. Бала жанындагы партада отурган кызды урат да, тактага чуркайт. Кыз сөз менен жооп берип, анын артынан чуркап барып тебет. Ушул маалда бала кыздын төшүнө уруп ийет, окуя ушул менен бүтөт. Бул учурда мугалим эшикке карап турган болот. Окуя 12-13 секунд ичинде эле болуп кеткен. Мугалим бурулганда, кыз тактанын жанында турганын көрөт, эмне себептен ал жакка чыкканын түшүнбөйт да, андан сурайт. Кыз бир нерсе айтмакчы болгондо эле кулап түшөт”, - деди мектеп директору Өмүрзакова.

Директор уруша кеткен эки окуучу тең жакшы баага окушканын, бул “кокустук” болуп кеткенин билдирди.

Окуя 15-апрелде болгон. Маалыматка ылайык, 2011-жылы туулган өспүрүм классташ кызы менен чырлаша кетип, аны уруп жиберген.

Анын кесепетинен сокку алган кыз эсине келбей каза болгон. Бул окуя боюнча милиция боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Шерине

XS
SM
MD
LG