Белгилүү монументалист сүрөтчү, скульптор, педагог жана Орусиянын сүрөтчүлөр академиясынын президенти Зураб Церетели 22-апрелге караган түнү 92 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жардамчысы Сергей Шагулашвили билдирди.
Анын айтымында, Церетелинин керээзи боюнча, сөөгү 27-апрелде жерге берилет.
1934-жылы Тбилисиде төрөлгөн Зураб Церетели советтик, грузиялык жана орусиялык сүрөтчү катары таанылган. Ал Москвадагы Заманбап искусство музейинин, Тбилисидеги Заманбап искусство музейинин жана Зураб Церетели искусство галереясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болгон. 1997-жылы Орусиянын сүрөтчүлөр академиясынын президенти болуп дайындалган.
Церетели 5000ден ашуун чыгарманын автору. Алардын арасында живопись, графика, скульптура жана монументалдуу-декоративдүү искусство (фрескалар, мозаикалар, паннолор) бар.
1995-жылы ал Москвадагы Поклонная тоосундагы Эскерүү комплексинин башкы сүрөтчүсү болгон. 1997-жылы Москва өкмөтүнүн буйругу менен Петр Iнин 98 метрлик эстелиги тургузулган. Бул монумент коомчулукта жана маалымат каражаттарында катуу сынга кабылган. Эстеликти алып салуу талабы менен нааразылык акциялары да өткөн.
2008-жылы "Виртуалдык турист" сайтындагы добуш берүү менен бул эстелик дүйнөдөгү эң "эстетикасы жок архитектуралык курулуштардын" тизмесине кирген.
Церетели ошондой эле Москвадагы "Түбөлүк достук" монументинин автору. Анын эмгектери бир нече өлкөлөрдө орнотулган. Нью-Йоркто, Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынын алдында анын "Жакшылык жамандыкты жеңет" монументи жайгашкан. Ал эми Лондондо 1989-жылы "Ишенбестиктин дубалын буз" аттуу эстелиги орнотулган.
2014-жылдын март айында Зураб Церетели президент Владимир Путиндин Украинадагы жана Крымдагы аракеттерин колдогон маданият ишмерлеринин кайрылуусуна кол койгону айтылып, жардамчысы Шагулашвили бул маалыматты четке каккан.
Шерине