Казакстандын Чымкент шаарынын акиминин орун басары Руслан Берденовду атып кетишкени 21-апрелдин кечинде маалым болду. Ал дароо ооруканага жеткирилгенин калаанын полиция департменти билдирди.
"Чымкент шаарынын акимчилигинин имаратынын жанында ок атуу фактысы катталды. Окуяда акимчиликтин кызматкери жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Ал бардык зарыл медициналык жардамды алып жатат. Бул кылмышка шектүү адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат", – деп билдиришти полиция департаментинен.
Жергиликтүү маалымат каражаттары кылмыштын ар кандай божомолдуу себептерин жазышууда. Алардын арасында "аялына тийишкендиги үчүн өч алуу" жана "акимдин орун басары катары жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө байланыштуу" деген версиялар бар.
Соңку маалыматтарга караганда, Руслан Берденовдун өмүрүнө коркунуч жок. Дарыгерлер анын абалын туруктуу оор деп баалап жатышат.
Руслан Берденов быйыл февралда Чымкент шаарынын акиминин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин ал Казакстан парламентинин Мажилисинин депутаты болгон.
Шерине