Абактагы укук коргоочу Рита Карасартованы операциядан кийинки процедураларды жасоо үчүн клиникага алып чыгууга уруксат берилбегенин кызы Касиет Мамырбай 22-апрелде билдирди.
Ал Карасартованын жаагына оор операция жасалганын, андан кийин бир жума бою катуу кыйналганын жазган.
“СИЗО жетекчиси дарыгерди мекемеге киргизүүгө макул экенин айтты. Бирок мындай шартта бул өтө кооптуу. Эгер кайра кан токтобой ага баштасачы? Ал жерде ушундай операцияларга ылайыктуу жабдуу барбы?”, - деп жазган Мамырбай.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул билдирүүгө комментарий бере элек.
Укук коргоочу Рита Карасартова 14-апрелде кармалып, эки айга камакка алынды. Кармалардын алдында Карасартова өз үйүндө тинтүү жүрүп жатканын Фейсбукка жазып, буга 10-апрелден бери дайыны чыкпай жатканы айтылган Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.
Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.
Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырган. (TAb)
Шерине