Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Алмазбек Атамбаев "Батукаев иши" боюнча күнөөлүү деп табылды


Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде чыгарганын Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев "Азаттыкка" ырастады.

Анын айтымында, мурдагы президент айыптуу деп табылганы менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулду.

"Прокурор жарыш сөздө [Атамбаевди] күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жоопкерчиликтен бошотууну сураган. Судья ошондой кылды", - деди Жоошев.

Атамбаев 2019-жылдын август айында "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясы тоз-тополоң жана адам өлүмү менен коштолгон.

Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты, ичер суусу аз калды» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал күч кызматкерлеринин коштоосунда Бишкекке жеткирилип, атайын рейс менен Орусияга учуп кеткен

Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу Атамбаевден тышкары бир катар жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүнө айып тагылган.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айыппул салынса, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго дагы айып тагылып, жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза чегерилген эмес. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга соттолуп, бирок анын камакта отурган мөөнөтү эсептелип, жазасын өтөгөн деген негизде сот залынан бошотулган.

Дагы бир мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жакында эле Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок ага да кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза чегерилген эмес.

Атамбаев 2023-жылдын февраль айында абактан бошотулуп, көп өтпөй дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ал бир нече кылмыш иши боюнча өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG