Кошмо Штаттар 15-апрелде Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын кабинет башчысы Антал Роганга каршы январь айында киргизилген санкцияларды алды. Бул тууралуу Американын Каржы министрлиги билдирди. Мекеменин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Рогандын ысымы "кара тизмеден" чыгарылды.
Виктор Орбан жана анын "Фидес" партиясы Европа аймагында АКШнын президенти Дональд Трампты ачык колдоп келген саясий күчтөрдүн сап башында турат.
Мындан бир нече ай мурун Вашингтон Роганга карата санкция жарыялап, ал "өкмөттөгү кызмат ордун жеке кызыкчылыгы үчүн жана партиялаштарына пайда алып келүү үчүн колдонгон" деп билдирген.
7-январда жарыяланган билдирүүдө Роган Венгрия экономикасынын стратегиялык тармактарын көзөмөлдөп, алардан түшкөн кирешени өзү жана "Фидеске" берилген адамдар арасында бөлүштүргөн схемаларды уюштурганы жазылган эле.
Расмий Будапешт санкциянын алынышы тууралуу кабарды "Вашингтондогу шамалдын багыты өзгөргөнүн көрсөттү" деп кубануу менен кабыл алды.
Өкмөттүн расмий өкүлү Золтан Ковач "X" социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө, бул кадам "АКШнын саясий багытында өзгөрүү болуп жатканын көрсөтөт, Трамптын кайтып келиши менен Венгрияга карата жасалган мурдагы адилетсиз аракеттер жокко чыгууда" деп жазды.
Январь айында таратылган Вашингтондун билдирүүсүндө Венгрияда мамлекеттик тармактагы коррупция он жылдан ашуун убакыттан бери барган сайын күчөп жатканы белгиленген.
Transparency International уюмунун 2023-жылдагы Коррупцияны кабылдоо индекси боюнча Венгрия эки жыл катары менен Евробиримдиктеги эң начар көрсөткүчкө ээ болгон.
Шерине