16-апрелде Бишкектеги Кубанычбек Маликов көчөсүндөгү турак жай комплексинен жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын дагы 476 батиринин ачкычы тапшырылды.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын аягында сөз болуп жаткан жерден 510 батир турак жайга муктаждарга берилгенин, 5 миңден ашык батир салынып жаткан комплекс 2026-жылдын соңунда толук бүткөрүлөрүн айтты.
Ушул тапта Кыргызстан боюнча мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. 11-апрелде Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө мамлекеттик ипотекалык компания курган 612 батир ээлерине берилген.
Январь айындагы маалымат боюнча, өлкөдө 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турат.
Быйыл жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген. (BTo)
Шерине