Президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине кезектеги маек куруп, никабга, паранжага байланыштуу пикиринен кийинки талкууга жооп берди. Журналист мамлекет башчынын комментарийинен кийин айрымдар Кыргызстанда анын тушунда кумарканага уруксат берилгенин эске салып жатышканын жана казинолор ачылгандагы жагдай тууралуу сураган.
Садыр Жапаров Кыргызстанда казинолордун иштөөсүнө уруксат берилгенден кийин өлкөгө инвесторлор келип, 10дой беш жана жети жылдыздуу мейманкана курулуп жатканын белгиледи.
"Ким 5 жылдыздуу мейманкана салса лицензия беребиз деген шарт койгонбуз да. Азыр ушул тапта 10го жакын беш жылдыздуу, бир 7 жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул 3 миллиарддан ашуун инвестиция кирди деген сөз. Булар бүтүп ишке берилсе он эсе пайда алып келет. Туристтер келет. Алардан да акча каражаттары калат. Кудай буюрса мейманканалардын алды эмдиги жылы ишке бериле баштайт. 7 жылдыздуу мейманкана биздин чөлкөмдө биринчи жолу салынып жатат болуш керек", - деди мамлекет башчы.
Мындан сырткары Жапарав инвесторлор “Достук”, “Саякат”, “Ак кеме” мейманканаларын беш жылдыздуу кылып куруп, Ош, Жалал-Абад, Баткенге да 5 жылдыздуу мейманканаларды куруу үчүн жер сурап жатышканын айтты.
Мамлекет башчынын белгилешинче, өлкөдө 3 кумаркана иштеп жатат.
Жапаров кыргыз жарандары киргени аныкталган казино дароо жабыла турганын кошумчалады.
Президент 5-апрелде мамлекеттик “Кабар” агенттигине никаб, паранжа кийгендерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы жана аларга айып салынары боюнча пикирин билдирген. Ал мамлекет дин тармагына кийлигишпей турганын, жаңы кабыл алынган мыйзамда бардык укук Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана Аалымдар кеңешине берилгенин тактаган.
Ал хижаб кыргыз тилиндеги жоолук деген эле сөз экенин жана буга каршылык жоктугун, болгону аны салынгандар жүзүн ачык алып жүрүшү керектигин белгилеген. Президент жүзүн такыр жаап алганга каршы туруу коомдук коопсуздук үчүн маанилүү экенин белгилеп, коомчулукту буга чогуу каршы турууга үндөгөн.
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга президент быйыл январь айында кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даават айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат. Ушул тапта бул мыйзамдын аткарылышы боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп, айрымдарга эскертүү берилүүдө. Социалдык тармактарда бул аракеттерге нааразы болгон пикирлер жок эмес.
Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын башында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган. (КЕ)
Шерине