Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

ӨКМ Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгырдан улам Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү коркунучу күтүлүп жатканын эскертти. Аталган аймактарда дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Министрлик жарандарды арыктарды, сел каналдарын тазалап, суу каптоону алдын алууга чакырды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашкан. Кырсыктан 67 адам каза болгон. Табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян келтирилген. (ZКo)

Шерине

XS
SM
MD
LG