Евробиримдик 9-апрелде Молдовага 20 миллион евролук аскердик жардам бөлүү чечимин кабыл алат.
Буга чейин Евробиримдик аскердик унаалар, аба мейкиндигин көзөмөлдөөчү жабдуулар жана киберкоопсуздукту чыңдоочу технологиялар сыяктуу жардам көрсөтүп келген. Былтыр Брюссель Молдовага абадан коргонуу системалары үчүн кыска аралыктагы ракеталарга 9 миллион евро бөлүп берген.
Эми Евробиримдик бул сумманы эки эсе көбөйтүп жатат.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттеринин колуна тийген документке ылайык, бул каражат сегиз кыска аралыктагы абадан коргонуу системасына жумшалат. Бул жабдууларды өткөн жылы да жардам көрсөткөн Эстониянын Аскердик инвестициялар борбору камсыздайт.
"Бул жардам Молдованын Куралдуу Күчтөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртып, Советтер Союзу маалынан калган эски жабдуулардын ордун толуктоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт," — деп белгиленди.
Молдова ушул он жылдыкта шаркетке мүчө болууну максат кылып жатат жана бул боюнча расмий сүйлөшүүлөр алдыдагы айларда башталат.
Бул чаралар ырааттуу кадам катары кабыл алынып жатат.
Ошентип, Евробиримдик Молдовага көрсөткөн аскердик жардамдын жалпы көлөмү 197 миллион еврого жетти. Бул каражаттын баары Европа Тынчтык Фонду аркылуу берилет. Бул фонд шаркеттин расмий бюджети эмес, бирок Украинага да 3 жылдан бери миллиарддаган евро жардам берүү үчүн колдонулууда.
Шерине