Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев түндүк айланма жолун курууда жалпысынан 464 объект бузулганын, арасында мыйзамсыз курулгандары аныкталганын билдирди. Алардын 69у капиталдык курулуш экенин мэр парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Комитет президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун талкуулап жатат. Жыйында Бишкек, Ош шаарындагы жана жер-жерлердеги курулуштардын бузулушу тууралуу да талкуу болду.
Депутат Балбак Түлөбаев мэрия өздөрүнүн муниципалдык жерлерин коргоп жатканын айтып, бирок эң негизгиси "кызыл китеп" экенин белгилеп, мэрди эл менен сүйлөшүүгө барууга чакырды.
Жунушалиев Киргизия конушунда Чынгыз Айтматов көчөсүнүн боюндагы дубалдары сүрдүрүлүп жаткан үйлөр тууралуу айтып, алардын 32си муниципалдык менчикке чыгып кеткенин билдирди.
"Союз учурунда, 40-50-жылдарды эстеп жатышат, анда жеке менчик деген болгон эмес да. 1999-жылы жаңы Жер кодекси киргенден баштап, жеке менчик деген маселе жаралган. 1970-жылы башкы план болгон, баарына түшүндүрмө берилген, 2006-жылы ал кеңейиш керек деп бекитилген. Алардын укугун коргогонго аракет кылып жатабыз. Биздин жарандардын менчигине кол сала тургандай оюбуз, аракетибиз дагы жок. Ким көбүрөөк сүрдүрөт экен деген кампания дагы жок. Эгер муниципалдык, шаардын кызыкчылыгына туура келе турган болсо ошондой ишке барып жатабыз".
Комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев Конституция боюнча жеке менчикти тартып алууга эч кимдин укугу жок экенин, "мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн алына турган болсо соттун чечими жана кенемте төлөнүп, башка жер сунушталышы керектигин" белгиледи.
Ушул тапта жер-жерлерде, өзгөчө Ош шаарында "кызыл сызыкка" чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, коргондор жана башка курулуштар буздурулуп жатат. Бул маселе 2-апрелде Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутаттар Министрлер кабинетин жана жергиликтүү бийликти мыйзамсыз деп эсептеген курулуштарды бузууда этият болууга чакырышкан. Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өкмөт айрым учурда аша чаап кетип жатканын билдирди.
Жер кодекси президенттин каршы пикири менен артка кайтарылганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 6-апрелде билдирди. Мамлекет башчысы бул чечимин Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис экендиги менен түшүндүргөн. Эгерде бакча же турак жай турган жер мамлекеттик максатка зарыл болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керектиги белгиленген.
Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 13-февралында кабыл алган Жер кодекси боюнча каршы пикирге кол коюп жатып Садыр Жапаров Баш мыйзамга каршы келген бир нече учурларды белгилеген. (КЕ)
Шерине