Дүйшөмбү күнү кечинде Еврокомиссия биримдикке мүчө мамлекеттерде кошумча төлом киргизиле турган америкалык товарлардын тизмесин сунуштайт. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, ага эт, дан, шарап, жыгач, кийим-кече, ошондой эле сагыз, тиш тазалоочу жип, чаң соргучтар жана даарат кагазы кирет.
АКШга жооп иретинде чараларды көрүүгө байланыштуу добуш берүү шаршемби күнү болот деп күтүлүүдө. Эгерде бул сунуш колдоо тапса, бул өзгөртүүлөр эки этап менен ишке ашат. Анын бир бөлүгү 15-апрелде, калганы бир айдан кийин күчүнө кирет.
Reuters билдиргендей, кошумча пошлина киргизүү боюнча Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек. Европа комиссиясынын соода өкүлчүлүгүнүн башчысы Марош Шефчович өзүнүн америкалык кесиптештери менен болгон эки сааттык сүйлөшүүсүн “ачык-айкын” деп атады. Анын айтымында, сүйлөшүүдө ал АКШнын тарифтерин "кыйратуучу жана өзүн актабаган" деп атады.
АКШнын финансы министри Скотт Бессентттин айтымында, буга чейин 50дөн ашык өлкө Ак үйгө соода төлөмдөрү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушу менен кайрылган. Бессент да, башка расмий адамдар да кайсы өлкөлөр талкууланып жатканын ачыктаган жок жана сүйлөшүүлөр тууралуу толук маалымат бериле элек.
АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын бардык соода өнөктөштөрүнө тарифтер киргизилгенин 2-апрелде жарыялаган.
Кытайдан импорттолгон товарларга 34 пайыздык, Евробиримдик өлкөлөрүнө 20 пайыздык, Жапонияга 24, Индияга 26 пайыздык, ал эми АКШга импорттоочу дагы ондогон өлкөлөргө 10 пайыздык базалык тариф киргизилгени белгилүү болгон. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстанга 27 пайыз болсо, калган Кыргызстан баштаган төрт өлкөдөн АКШга сатылган товарлар базалык 10 пайыздык тарифке туш болот.
3-апрелде Европа менен Кытай Трамптын жаңы тарифтерине жооп кайтарыларын билдирген.
Бардык өлкөлөргө киргизилген 10 пайыздык жаңы тарифтер, Трамптын жарлыгында айтылгандай, 5-апрелден тартып иштей баштайт. Ал эми АКШ менен соодасынын көлөмү чоң өлкөлөрдөн импорттолгон товарлар үчүн тарифтер 9-апрелде күчүнө кириши керек.
Шерине