Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:17

Рим папасы Франциск катуу оорудан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты


Рим папасы Франциск. Ватикан, 6-апрель, 2025-жыл
Рим папасы Франциск. Ватикан, 6-апрель, 2025-жыл

Рим папасы Франциск катуу оорудан кийин кутүүсүздөн биринчи жолу эл алдына чыкты.

Жекшембиде понтифик Ватикандагы Ыйык Петр аянтына чогулгандарга кайрылуу жасады. Ал дарыгерлерге, медайымдарга, медициналык кызмактерлерге батасын берип, “аларга иш шарттары айрым учурларда түзүлбөгөнүн, агрессиянын курмандыгы болгонун” айтып, “оңой эмес миссиясын аткарууга көмөктөшүүгө, урматтоого” чакырды.

88 жаштагы папа эки жума мурун ооруканадан чыгып, ушу тапта ребилитациядан өтүүдө. Анын өпкөсү сезгенип, дарыгерлер бир нече күн абалын өто оор деп баалаган.

Арабада отурган Франциск чогулгандарга кол булгап, ага дуба кылгандарга ыраазычылыгын айтты.


Шерине

XS
SM
MD
LG