Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Грузияда ири нааразылык акциясы өттү


Тбилиси, 31-март 2025-жыл.
Тбилиси, 31-март 2025-жыл.

31-мартта Тбилисиде “Элдин жазы келе жатат” деген ураан алдында нааразылык акциясы өттү. “Эхо Кавказа” сайты жазганына караганда, Грузиянын мурунку президенти Саломе Зурабишвили анда “каршылык көрсөтүү аянтчасын” түзгөнүн жарыялады.

Соңку парламенттик жана президенттик шайлоолордун жыйынтыгын тааныбаган Зурабишвили жаңы парламенттик шайлоону жарыялоо жана “саясий туткундарды” бошотуу үчүн көчө акцияларынан тышкары каршылык көрсөткөн платформа керектигин айтты.

"Бул платформанын негизги принциби анын эшиги өз саясий кызыкчылыктарын артка калтырып, биргеликте ишке ашырууга даяр болгон жана жогорудагы эки талапты колдогон бардык европачыл партиялар жана топтор үчүн ачык", - деди Зурабишвили.

Парламенттин имаратынын жанында өткөн митингге өлкөнүн үчүнчү президенти Михаил Саакашвилинин тарапкерлери да катышып, аны бошотууну талап кылган плакаттарды кармап турушту.

Былтыр 28-ноябрда Грузиянын өкмөтү ЕБге кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотууну жарыялаганы нааразылык акцияларын жараткан. Ал 100 күндөн бери уланып жатат.

Еврошаркет грузин жарандарына Шенген аймагына 90 күнгө визасыз кирүүгө 2017-жылы апрелде уруксат берген. Ал эми былтыр Грузия Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын алган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG