Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

УКМК төрт салыкчыны жана Транспорт министрлигинин бир кызматкерин кармады


Шектүүлөрү кармоо учуру.
Шектүүлөрү кармоо учуру.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) салык төлөбөй, документтерди жасалмалап ташып келген товарларды легалдаштыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын 1-апрелдеги маалыматына ылайык, Мамлекеттик салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери ич ара сүйлөшүп алып, Кыргызстанга ташылып келген помело, манго, маракуйя, көк карагат, апельсин жемиштеринин товардык аттарын өзгөртүп, алма деп көрсөтүшкөнү такталган.

Мамлекеттик кызматкерлер бул мыйзамсыз иши үчүн акча алып, контрабандалык товарларды легалдаштыруу үчүн аныктыгын текшерүү боюнча тиешелүү актыларды түзүшкөнү белгилүү болгон.

28-мартта ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматынын төрт (А.Т., К.А, Н.Б., А.А.), Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бир кызматкери (А.Б.) жана дагы бир адам (А.Ч) кармалып, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

УКМК бюджетке келтирилген зыянды жана кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча иш-аракеттерди улантууда.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 31-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында төрт салыкчы мыйзамсыз иштерге тиешеси бар деп кармалганын айткан.

Шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG