Орусиянын армиясы 26-марттын кечинде Украинанын бир катар шаарларына абадан сокку урду. Жарылуулардын үнү Харьков менен Днепрде угулду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, жабыркагандардын арасында балдар да бар.
Харьковдун мэри Игорь Тереховдун айтымында, орус күчтөрүнүн "Шахед" дрондору калаага бир сааттын ичинде 12 ирет чабуул койгон.
Натыйжада көп кабаттуу үйлөр, жарандык объектилер, автоунаалар жана чарбалык курулуштар жабыркады.
27-марттын таңында Харьковго жасалган соккулардын натыйжасында жабыркагандардын саны ондон ашты. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, жабыркагандардын арасында төрт жаштагы секелек бар.
Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Харьковго жасалган соккулардан тутанган өрттүн кадрларын жарыялап, Орусияны "тынчтыкка умтулган жок, тескерисинче, Украинага карата террорун улантууда" деп айыптады.
Андан тышкары Днепр шаарына жасалган чабуулдан бир катар аймактарда өрт тутанганы маалым болду. Калаа мэри Борис Филатов билдиргендей, соккулардан эң эски имараттардын бири деп эсептелген VIII кылымда курулган Потемкин сарайы да талкаланды.
26-мартта Орусиянын армиясы Украинанын Сумы жана Харьков облустарын да аткылады. Харьков облусунун Золочев шаарында жети адам жараат алды, алардын арасында 14 жаштагы кыз оор абалда ооруканага жеткирилди.
Орусиянын Коргоо министрлиги 27-марттын таңында өлкө аймагында бир украин дрону жок кылынганын билдирип, башка маалымат тараткан жок.
Шерине