27-мартта Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бекетинде катуу шамалдан айрым жүк ташуучу автоунаалар менен алардын чиркегичтери (прицеп) оодарылып кетти.
Мамлекеттик бажы кызматы бороон болуп жол тайгак экенин, шамал катуу болгондуктан кээ бир жүк ташуучу машинелер туруштук бере албай, оодарылып жатканын билдирди. Бажы кызматкерлери ишин кадимки тартипте улантып жатканын кошумчалап, айдоочуларды этият болууга чакырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда бороон басылып, машинелер тоскоолдуксуз өтүп жатканын кабарлады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Нарын облусунун Ат-Башы районунда 27-мартта ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал болуп, Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, сарайлардын жана Терек-Суу айылында эки үйдүн чатырын учуруп кеткенин маалымдады. (BTo)
Шерине