Литвада төрт америкалык аскерди издөө уланып жатат. Кошмо Штаттардын Европа жана Африкадагы армия командачылыгынын маалыматына ылайык, аскерлер бараткан M88 Hercules түрүндөгү оңдоо-эвакуациялоо техникасы полигондогу суу сактагычтан табылган.
Литванын президенти Гитанас Науседа жоголгондорду издөө уланып жатканын билдирди.
"Аларды тапкыча үмүтүбүздү үзбөйбүз, үй-бүлөлөрүнө, кесиптештерине жана издөө иштерине катышып жаткандардын баарына колдообузду көрсөтөбүз", – деп жазды Науседа X социалдык түйүнүнө.
Литванын Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Раймундас Вайкшнорас Delfi басылмасына издөө иштерине айрым аскерлер өз ыктыяры менен жардам берип жатышканын айтты.
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет "америкалык аскерлер табылганга чейин издөө улантыларын" билдирди.
Окуя 25-мартта Беларустун чек арасына жакын жайгашкан Пабраде полигонунда болгон. Америкалык аскерлер менен бирге M88 үлгүсүндөгү бронетехника да жоголгон.
Командирлердин маалыматы боюнча, алар пландалган тактикалык машыгуу өткөрүп жатышкан.
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте 26-мартта төрт америкалык аскер каза болгонун айткан. Бул маалымат расмий бышыктала элек.
Шерине