Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:10

Орусиянын АКШдагы жаңы элчиси ишеним грамотасын тапшырат


Орусиянын АКШдагы элчилигинин имараты. Вашингтон.
Орусиянын АКШдагы элчилигинин имараты. Вашингтон.

Орусиянын Кошмо Штаттардагы жаңы дайындалган элчиси 27-мартта президент Дональд Трамптын администрациясына ишеним грамотасын тапшырат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө белгиленди.

Анда "ишеним грамотасын тапшыруу бейрасмий иш-чарасына" Европа жана Евразия иштери боюнча бюронун жогорку кызматкери Луис Л. Боно катышары жазылган.

Жакында эле Орусиянын АКШдагы жаңы элчиси болуп Александр Дарчиев дайындалган.

Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиги РИА Новости 26-мартта Дарчиев Вашингтондогу резиденциясына барганын жазды.

Маалыматка караганда, ал орусиялык журналисттерге курган маегинде дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү жана элчиликтердин ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча "мүмкүнчүлүк терезеси" ачылганын айткан.

Былтыр октябрдан бери Москванын АКШга элчиси дайындала элек болчу.

Дарчиев буга чейин Вашингтондогу Орусия элчилигинде эки жолу иштеген жана 2014-2021-жылдары Орусиянын Канададагы элчиси кызматын аркалаган.

Соңку жылдары ал АКШ менен Батышты кескин сындап келген.

Дарчиевдин дайындалышы Москва менен Вашингтон Орусия Украинага согуш ачкандан бери бузулган мамилелерди оңдоого аракет кылып жаткан учурга туш келди. Андан тышкары Кошмо Штаттардын президенти Трамп дагы согушка чекит коюу аракетин көрүүдө.

Ак үй 26-мартта Вашингтон Украина жана Орусия менен Кара деңиздеги чабуулдарды токтотуу боюнча өзүнчө келишимдерге жетишкенин жана "энергетикалык объектилерге сокку урууну токтотуу боюнча жакында кабыл алынган милдеттенмелери боюнча чараларын иштеп чыгуу" пландалып жатканын билдирди.

Трамп жакын арада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууну көздөп жатканын айткан.

Ал план ишке ашса 2021-жылдан бери Орусия менен АКШнын лидерлеринин алгачкы жолугушуусу өткөн болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG