Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелерди жоюу пландалууда


Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жыйын.
Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жыйын.

26-мартта Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны азайтуу иши менен алектене турган ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйында чечим кабыл алуу процессин тездетүү, натыйжасы жок жана бири-бирин кайталаган мекемелерди жоюу маселеси талкууланганын кабарлады.


Юстиция министри, Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун директору Аяз Баетов 45 маселе боюнча чечимдердин биринчи пакетин сунуштады. Анда юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди жоюуну жөнөкөйлөштүрүү, мамлекеттик ресурстарды сарамжал пайдалануу сыяктуу сунуштар бар.

10-мартта кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялаган. Бул иштерди Аяз Баетов көзөмөлдөйт.

2021-жылы Кыргызстанда бюджеттик каражатты үнөмдөө жана артыкбаш мекемелерди азайтуу максатында өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилип, мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор министрликтерге кошулган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG