Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-марттагы отурумунда Бишкек, Баткен шаардык жана Алай аймактык жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берди.
Анын ичинде Бишкек шаардык кеңешиндеги “Эмгек” фракциясынан депутат болгон Амантур Мусагул уулунун мандаты Сыргак Майрамбек уулуна берилди.
18-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Амантур Мусагул уулу кармалганын билдирген. Атайын кызмат ага “2024-жылдын октябрь айында шайлоо компаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 миң доллар алган” деген айып койгон.
Бул фактынын негизинде УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү 17-мартта камакка алынган.
Амантур Мусагул уулу шаардык кеңешке 2024-жылы ноябрда “Эмгек” партиясынын катарында шайланып келген. Анын жакындары, партиялаштары, адвокаттары комментарий бере элек. Аталган партиядан шаардык кеңештен 12 депутат мандат алган. Шаардык кеңеште жалпы 51 депутат бар.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн. (BTo)
Шерине