Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:00

Балдар арасында кургак учуктун көбөйүшүнүн себеби айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку жылдары балдар арасында кургак учукту аныктоо ыкмасы жакшырды. Мындан улам эл арасында ооруган балдар көбөйгөндөй сезилиши мүмкүн.

Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллаат Кадыровдун басма сөз жыйында билдиришинче, ДССУнун сунушу менен балдар арасындагы кургак учукту аныктоодо стул-тест ыкмасы кирген.

"Стул-тест деген эмне? Кургак учук какырык аркылуу аныкталат. Кичине балдар какырганды билбейт, жутуп алышат. Ошол себептүү ДССУ микобактерияларды заң аркылуу аныктаган инновациялык ыкманы сунуштаган. Ага ылайык, кээде балдардын ашказанын жууган сууну дагы, заңын дагы изилдөөгө жиберебиз", - деп түшүндүрдү Кадыров.

Кадыров оору менен байланышта болгон адамдарды, анын ичинде балдарды да текшерүүдөн өткөрүп жатышканын, мунун жыйынтыгы менен дагы оору көбөйгөндөй көрүнүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчисинин белгилешинче, өспүрүмдөр арасында кургак учуктун кескин көбөйүшү байкала элек.

Дарыгердин маалыматында, 2022-жылы 100 миң калкка 11 учур катталса, 2023-жылы 13,3 учурга жеткен. Учурда өлкөдө бейтаптар иче турган дары жана ооруну аныктай турган лабораториялык жабдыктар жетиштүү.

Айрым догдурлар ата-энелердин балдарын эмдетүүдөн баш тартышы кургак учукту жугузуп алуу тобокелдигин жогорулатарын белгилешет. Алардын айтымында, вакцина алган балдарга оору жуккан күндө да өтүшүп кетпейт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечими менен 24-март кургак учукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү деп белгиленет.

Кургак учук – бактериялар пайда кылган инфекциялык оору, негизинен өпкөнү жабыркатат. Оору адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө жана какырганда аба аркылуу тарайт. (ST)



Шерине

XS
SM
MD
LG