Парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 18-марттагы жыйынында Кыргызстанда элди газ менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.
"Газпром Кыргызстан" ишканасынын жетекчи орун басары Арзымат Алдаяров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Бишкек шаары алдыңкы 3-4 жылда толук газ менен камсыз болорун билдирди.
"Бишкек чоң шаар болгондуктан, биз аны 2028-2029-жылдары толук бүтүрөбүз деп жол картасын иштеп келатабыз. Андан кийин дагы 3-4 жылдын ичинде Чүй облусун бүтүрсөк болот".
Жыйында депутат Айжигит Тыналиев Бишкек шаары жана Чүй облусун газдаштыруу бүтмөйүнчө башка аймактарга кезек жетпей калабы деген таризде суроо узатты. Алдаяров каржылоо чектелүү болуп жатканын, азыр башка жолдор изделип жатканын билдирди.
Мындан тышкары Ысык-Көл жана Нарын облустарын газдаштыруу боюнча айрым техникалык чектөөлөр бар экенин, буга тоолорду аралап өтүү маселеси себеп болуп жатканын айтты. Мындан сырткары, аталган аймактарда калктын аздыгы да ал жерлерге газ жеткирүүнү кечеңдетип жатканын кошумчалады. Мындан улам бул жерлерде автономдуу газдаштыруу технологиясы каралган. Бирок газдын баасы 2,5-3 эсеге кымбат болуп калышы ыктымалдыгы бар.
Буга чейин “Газпром Кыргызстан” 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60% газ менен камсыздаларын билдирип келген. (KS)
Шерине