"Газпром Кыргызстан" ишканасынын жетекчи орун басары Арзымат Алдаяров Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Бишкектеги конуштарды газдаштыруу боюнча маалымат берди.
Алдаяровдун маалыматына ылайык, аймактык реформанын алкагында Бишкектин тегерек-четиндеги жаңы конуштардын, айылдарынын чеги толук чечиле элек. Алардын саны азырынча 105, анын 49у газдаштырылган.
"Бул жерде маалымат ар кандай болуп атат. Үйлөрдү эсептесек, 135 миң, ал эми энергетиктердин маалыматына таянсак ал жерде 122 конуш бар. Ошондуктан жаңы конуштардын, айылдардын чек араларын Бишкек архитектурасы толук тастыктап бергенден кийин биз кайсы жерде кандай иш аткарарыбызды белгилейбиз. Эң негизги басымды сегиз жылдык программабызды алкагында Бишкек шаарынын түштүк тарабына кылдык. Соңку 3-4 жылда чыгыштан батышка кеткен жолдогу Новопокрова, Новопавлока, Кожомкул (мурдагы Военно-Антоновка айылы) Лебединовка айылдарына жасадык, маселен алар электр энергиясын көбүрөөк колдонуп келген",- деди Алдаяров.
2024-жылы Новопокровка айылы толук газдаштырылган. Ал эми Кожомкул айылын газдаштыруу боюнча долборлоо, изилдөө иштери каралган. 2025-жылдын ичинде Ак-Босого айылына да газ киргизүү иштери башталарын Алдаяров кошумчалады.
Селекция, Орок, Жал жана Сарбан айылдарына да газ жеткирүү планда бар. Ал эми Эне-Сай конуштары боюнча долбоорлоо жана изилдөө иштери быйыл башталат. (KS)
Шерине