Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

Макрон Украинага бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууга Орусия вето кое албай турганын айтты


Франциянын президенти Эммануэл Макрон.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинага чет элдик бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу маселесине Орусиянын вето коюуга укугу болбошу керек экенин билдирди. Ал мындай оюн жергиликтүү басылмаларга 15-марттын кечинде жарыяланган маегинде белгиледи.

Макрон Украинада ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу кабыл алынса, бир нече миңдей бейпилдик күчтөрү ар кайсы аймакка бөлүштүрүлүп жайгаштырылышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

“Украина суверендүү өлкө. Эгер ал союздаш күчтөрдүн өз аймагында турушун сурана турган болсо, анда бул Орусия кабыл алчу же кабыл албай турган маселе болбойт”, - деди ал 15-мартта жарыяланган маегинде.

Буга чейин бир катар европалык жана башка мамлекеттер Украинада ок атышууну токтосо, бул өлкөгө тынчтык күчтөрүн жайгаштырууга даяр экенин билдиришкен.

Расмий Москва Британия жана Франция баштаган мамлекеттердин мындай сунушун четке кагып келет.

11-мартта Сауд Арабиясында АКШ менен Украинанын делегациялары сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анын жыйынтыгында расмий Киев ок атышууну 30 күнгө токтотуу боюнча Вашингтондун сунушуна макул болгон. Аны улай АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барып, бул маселени Путин менен талкуулаганы белгилүү болгон. 13-мартта Путин Орусия ок атышууну токтотуу жөнүндө идеяга макул экенин, бирок “айрым жагдайлар” бар экенин айткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG