Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

“Ак-Кула” ат майданынын ордуна 60 миң адам үчүн шаарча курулат


Президенттин администрациясы тараткан сүрөт.
Президенттин администрациясы тараткан сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Бишкектеги мурдагы “Ак-Кула” ат майданынын ордуна Royal Central Park көп функционалдуу комплексин курууну баштоо аземине катышты.

Анда өткөн жылы өлкөнүн Министрлер кабинети чет өлкөлүк инвестициялык компания менен шаар комплексин куруу долбоору тууралуу инвестициялык макулдашууга кол койгонун белгиледи.

“Бүгүн мына ошол 3 миллиарддай АКШ долларына бааланган инвестициялык долбоорду ишке ашырууга бел байлап олтурабыз. Мурдагы ат майдан ээлеген аймакка 23 миң батир, 45 миң чарчы метр эл аралык соода түйүнү, коммерциялык жана кеңсе жайларына арнала турган 55 кабаттуу борбор курулмакчы. Мындан сырткары, мектеп, оорукана, мейманкана баштаган социалдык объектилерди салуу дагы каралган. Болочоктогу шаарчанын аймагында сейил бак, жасалма көл курулуп, жашыл аянтчалар менен көрктөндүрүлөт. 23 миң батир үчүн 25 миң унаа токтотуу жай дагы эске алынууда. Жалпысынан бул шаарча 60 миң адам үчүн ылайыкталат”, - деди Жапаров.

Ал бул шаарчадан Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 20 миңден ашык адамга батир берилерин белгиледи.

Ат майдандын жалпы аянты 45,73 гектарды түзөт. Карандысыз эксперттер ипподромдун баштапкы баасын 8,7 млрд сом деп эсептеген, ушул суммага аукционго коюлган. Былтыр жайында Вьетнамдын ROX Group жана TNG Global Foundation компанияларынан кайрылуу түшкөнү маалымдалган.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу бул ат майдан 1947-курулган. Шаардык мэрия Бишкектин батыш тарабына, Чүйдүн Сокулук районунун аймагында – Бишкек-Ош жолунун боюнда жаңы ат майдандын курулушу 2025-жылы жазында башталарын билдирген. Анда 215 гектар жер бөлүнгөнү, 20 миң орундуу болору айтылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG