Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

NYT: 43 өлкөнүн, анын ичинде Орусия жана Беларус жарандарына АКШга кирүү катаалдайт


Жон Кеннеди эл аралык аэропортундагы Транспорттук коопсуздук администрациясынын (TSA) көзөмөл-өткөрүү пунктунда кезек күткөндөр. Куинс, Нью-Йорк, АКШ. (архив)
Жон Кеннеди эл аралык аэропортундагы Транспорттук коопсуздук администрациясынын (TSA) көзөмөл-өткөрүү пунктунда кезек күткөндөр. Куинс, Нью-Йорк, АКШ. (архив)

АКШ дүйнөдөгү 43 өлкөнүн, анын ичинде Орусия менен Беларустун да жарандарына Кошмо Штаттарга кирүү эрежелерин катаалдантат. Бул тууралуу 14-мартта The New York Times жазды.

Маалыматка ылайык, бул өлкөлөр "кызыл", "саргылт" жана "сары" деген категорияга бөлүнүп, классификацияланган.

"Кызыл" түстөгү категорияга кирген өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүсүнө такыр уруксат жок болот. Бул категорияда 11 өлкө бар: Бутан, Венесуэла, Иран, Куба, Түндүк Корея, Ливия, Ооганстан, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен.

Орусия менен Беларус "саргылт" категорияга киргизилүүдө. Тизмеде булардан тышкары Гаити, Лаос, Мьянма, Пакистан, Сьерра-Леоне, Түштүк Судан, Түркмөнстан жана Эритрея бар. Бул өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө виза берүүдө чектөөлөр болот. Виза "бай, ишкер саякатчыларга" берилиши мүмкүн, бирок туристтерге жана иммиграциялык виза сурагандарга эмес.

"Сары" категориядагы мамлекеттерге АКШны тынчсыздандырган факторлорду жоюуга 60 күн убакыт берилет. Эгер жоюлбаса, бул мамлекеттер да "кызыл" же "саргылт" тизмеге кирип калышы ыктымал.

"Сары" категорияга Зимбабве, Чад, Сент-Китс жана Невис, Вануату жана башка жалпы 22 өлкө кирген.

The New York Times жазгандай, Вашингтондун кабатырлыгын жараткан себептердин ичинде АКШга кирүүнү каалагандар тууралуу маалыматтын жоктугу жана паспорт берүүдөгү коопсуздук чараларынын жетишсиздиги бар.

Вашингтондун сунушу расмий түрдө 17-23-март күндөрү жарыяланары күтүлүүдө. Басылманын маалыматына караганда, категориядагы тизмелер ал убакка чейин өзгөрүшү ыктымал.


АКШдагы мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү - бийликке быйыл январь айында расмий киришкен президент Дональд Трамптын шайлоо учурундагы убадаларынын бири болгон. Президенттик кызматка киришкен алгачкы күнү эле Трамп Мексика менен чек арага чукул кырдаал киргизген. Бир нече жүз мигрант депортацияланган.


Шерине

XS
SM
MD
LG