Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

G7 Москвага каршы жаңы катаал санкциялар тууралуу эскертти


G7 өлкөлөрүнүн желектери. Иллюстрация.
G7 өлкөлөрүнүн желектери. Иллюстрация.

"Чоң жети" (G7) Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун токтотуу үчүн "ишеничтүү коопсуздук чараларын" кабыл алуу зарылдыгын билдирүүдө. Ушундан улам G7 Москвага эгер 30 күндүк ок атышпоо тууралуу келишимди кабыл албаса же анын шарттарына макул болбой бузса, жаңы санкцияларга туш болорун эскертти.

Биримдиктин атынан жогорку кызматтагы дипломаттар макулдугун берген билдирүүнүн долбоорунда ок атышууну токтотуу келишими сакталышы керектиги, Украина Орусиянын түрдүү баскынчылыгынан корголууга тийиштиги белгиленгенин Reuters агенттиги жазды.

Документтин тексти бул күндөрү Канадада өтүп жаткан G7 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин отурумунда бекитилиши керек.

Атышууну токтотуу шарттары жазылган келишим долбоору 11-мартта Сауд Арабиясында америкалык жана украин делегацияларынын сүйлөшүүлөрүндө жетишилген.

13-март күнү орус президенти Владимир Путин түз эфирде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Украинадагы согушту, анын ичинде ок атышууну бир айга токтотууга даяр экенин билдирген. Орус президенти ошол эле кезде эки тарап тең эске алчу "жагдайлар" бардыгын кыйыткан.


Анын алдында АКШ президенти Дональд Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса, Кошмо Штаттар "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерди көрөрүн эскерткен.

“Чоң жетинин” курамына Италия, АКШ, Канада, Жапония, Франция, Германия, Британия кирет. Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин андан чыгарылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG