Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Европада кызамык күч алганы кабарланды


Кызамыкка чалдыккан бала. ДСУнун сүрөтү.
Кызамыкка чалдыккан бала. ДСУнун сүрөтү.

Европада кызамык менен ооругандардын саны акыркы 25 жылдагы эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) балдар фондунун (ЮНИСЕФ) биргелешкен баяндамасында айтылды.

Ага ылайык, 2024-жылы Европа аймагында кызамык жуктурган 127 350 бейтап катталган. Бул 2023-жылкы көрсөткүчтөн эки эсе көп. Кызамык Европа чөлкөмүндө акыркы жолу 1997-жылы ушундай көп санда катталган.

Ооруга чалдыккандардын 40% беш жашка чейинки балдар. Алардын жарымына чукулу ооруканага жаткырылган. 38 бала илдеттен чарчап калган.

Окумуштуулар оорунун жайылышына ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тартканы негизги себеп экенин белгилөөдө. Алардын саны CОVID-19 пандемиясы учурунда - 2020-2022-жылдары өскөн. Анда калктын эмдөөгө каршы маанайы коронавирус инфекциясына гана эмес, башка илдеттерден эмдөөгө да күч алганы белгиленет.

Маалыматта айтылгандай, эмдөө баланын өзүн гана коргоп тим болбойт, жапырт эмдөө жамааттык иммунитет жаратат да, илдеттин көбөйүүсүнө жана тароосуна жол бербейт. Ошондой эле түрдүү себептер менен эмделбей калган адамды да оорудан сактайт. Бул үчүн калктын 95% эмделген болушу керек.

Азыркы учурда, ДСУ белгилегендей, Босния жана Герцеговинада, Черногорияда, Түндүк Македонияда жана Румынияда балдардын эмделиши 80% төмөн болууда.


Кызамыктын күч алышы Европада гана эмес, АКШда да байкалып жатканын Ооруларды көзөмөлдөө борбору (CDC) маалымдаган. Ага ылайык, илдетке чалдыккандар АКШнын Нью-Мексика жана Техас штаттарында өсүп жатат. Быйылкы жылдын 7-мартына карата ал жакта кызамык жуктурган 208 адам катталган. Бир бала чарчап, дагы бир киши каза болду.


Шерине

XS
SM
MD
LG