Хельсинки шаарынын соту орусиялык жаранды 2014-жылы Украинада кылган согуш кылмыштары үчүн өмүр аягына чейин кести. Yle басылмасынын маалыматына караганда, Финляндиянын Жогорку соту 38 жаштагы Воислав Торденди (мурдагы аты Ян Петровский) Украинага ал жактагы абактардагы начар шарттарга байланыштуу өткөрүп берүүгө тыюу салган. Андыктан соту Хельсинкиде өттү.
Торден украин аскерлерин өлтүрүү, согуш жүргүзүүнүн жана согуш туткундарына мамиле кылуунун нормаларын бузуу үчүн айыпталган. Ал согуш кылмыштарына барганын танууда.
Орус жараны 2023-жылдын жайында Финляндияда кармалган. Украинага экстрадициясын караган сотто ал Финляндияда башпаанек сураган.
2016-жылы Норвегия орусиялык ашынган улутчулду өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратат деп чыгарып жиберген.
Финляндия Украинанын аймагында жасалган деген согуш кылмыштары үчүн айыпталган кишини биринчи жолу жоопко тартты.
Торден "Русич" чабуул коюучу диверсиялык топтун негиздөөчүлөрүнүн бири. Неонацисттер кирген уюшма Украинага каршы толук масштабдуу согушка тартылган. Харьковдогу кармаштар маалындагы өзгөчө ырайымсыздыгы үчүн АКШ аларды "кара тизмеге" киргизген. Еврошаркет "Русичтин" командирлерине "Вагнер" менен ыктымал байланыштары үчүн санкция салган.
Шерине