Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

ӨКМ Алайда жер көчкү коркунучу жаралганы тууралуу эскертти


Жер көчкү. Кызыл-Ой айылы, Алай району. 14-март, 2025-жыл.
Жер көчкү. Кызыл-Ой айылы, Алай району. 14-март, 2025-жыл.

13-мартта саат 16:07 чамасында Алай районундагы Курманжан датка айыл аймагынын Кызыл-Ой айылындагы тоонун үстүндөгү кар эрип түшкөн. Анын кесепетинен тоонун боорунан суу агып, жер көчкү коркунучу активдешип, тоонун бетинде жаракалар пайда болгон. Мындан улам айылдагы 8 үйгө жер көчкү коркунучу жаралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Алай райондук башкармалыгынан адистери барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Кооптуу жердеги үйлөрдүн тургундары туугандарыныкына убактылуу көчүрүлгөн.

ӨКМ аталган аймакта жер көчкү коркунучу бар деп аныктаган. Ал жердеги 15 үйдүн жашоочуларына кооптуу аймак экендиги тууралуу корутунду берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле 5 үйдүн ээлерине мамлекет 200 миң сом өлчөмүндө ссуда жана жаңы жер тилкелерин берип, ал жерден көчүү керектигин эскерткен.

Учурда ӨКМдин мониторинг кызматы жер көчкүнүн динамикасын көзөмөлдөп, кошумча чара көрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

ӨКМ Кыргызстанда ушул тапта 3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатканын билдирген. Алардын көбү Ош облусунда экени айтылган. Калган кооптуу аймактар катары Ош шаары, Баткен жана Жалал-Абад облустары аталган.

Кыргызстанда жер көчкүлөрдүн 93% Ош жана Жалал-Абад облустарында. Бул аймактарда адам өлүмү менен коштолгон жер көчкүлөр бир нече жолу катталган.

2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам набыт болгон. 2009-жылы Аксыда жүргөн жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну көз жумган, анын 11и балдар болчу.

2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аю-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG