Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:03

Орус армиясы Украинанын энергетикалык жайларына сокку урду


Орус армиясынын Украинага жасаган чабуулунун кесепети. Архив сүрөт.
Орус армиясынын Украинага жасаган чабуулунун кесепети. Архив сүрөт.

Орус армиясы 7-мартка караган түнү Украинанын энергетика жана газ инфратүзүмдөрүнө абадан чабуул койду. Соккулар ракета жана дрондор менен жасалганын Украинанын энергетика министри Герман Галущенко билдирди.

"Куткаруучулар жана энергетиктер чабуулдардын кесепеттерин мүмкүн болушунча жоюу аракеттерин көрүп жатышат. Энергия жана газ менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө", – деп жазды Галущенко.

Харьковдо жарандык жайга дагы сокку урулган. Шаар башчысы Игорь Терехов соккудан улам өрт тутанганын билдирди. Андан тышкары, көп кабаттуу үй жабыркап, бардык тургундар эвакуацияланды. Акыркы маалыматтар боюнча, сегиз адам жараат алган.

Полтава облусунда ракета сыныктары жеке турак жайга түшүп, эки адам жараат алды, алардын бири бала. Ошондой эле эки менчик үй жана газ түтүгү зыянга учурады. Бул тууралуу жергиликтүү администрация маалымдады.

Тернополь облусунда "критикалык өнөр жай объектиси" аткыланды. Облустук администрация газ берүүдө чектөөлөр болушу мүмкүн экенин эскертти. Чернигов облусунда чабуулдун натыйжасында өндүрүш жайларынын бири зыян тарткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги армиясы "жогорку тактыктагы курал менен" Украинанын газ-энергетикалык инфратүзүмдөрүнө сокку урганын ырастады. Мекеменин жүйөсүнө караганда, бул жайлар Украинанын аскердик-өндүрүш комлексинин ишин камсыздаганы үчүн чабуулга кабылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG