Тажикстанда 130га жакын активист аял өлкө башчысы Эмомали Рахмонго кайрылып, журналист Рухшона Хакимовага чыгарылган өкүмдү жеңилдетүүнү суранышты. Ал 5-февралда сегиз жылга эркинен ажыратылган.
"Бул өкүм бизди жан дүйнөбүзгө чейин сыздатты, бирок эң башкысы, ал эки наристе Шахнура менен Шукронанын өмүрүн талкалады. Алар бир заматта бала үчүн эң кымбат болгон эненин сүйүүсүнөн, мээриминен жана камкордугунан ажырап калышты. Ал эми 10 айлык Шукрона эне сүтүнө да жетпей калды. Эне сүтү бул жөн гана азык болбостон эне менен баланын ортосундагы ажырагыс байланышты түзөт", – деп белгилешет кайрылуунун авторлору.
Алар Рахмондон Рухшона Хакимовага карата мыйзамда каралган гуманизм жана жазаны жеңилдетүү механизмдерин колдонууга көмөктөшүүнү суранышты.
"Сиз энелердин үнүн, аялдардын үнүн угасыз. Биз сизден адилеттүүлүктү гана эмес, боорукердикти да суранабыз", – деп жазышкан активисттер.
31 жаштагы журналист аялдын сегиз жылга эркинен ажыратылышы тажик коомун дүрбөттү. Ал өкүм угузулгандан кийин дароо камакка алынган. Хакимова мамлекеттик чыккынчылык үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул өзгөчө оор кылмыш болуп саналгандыктан, мыйзам боюнча, мындай берене менен соттолгондорго ырайым берилбейт.
Журналисттин айыптоолорду толугу менен четке какканын анын жакындары жана адвокаты билдиришти.
Хакимовага каршы кылмыш иши өткөн жылдын июнь айынд козголгон. Бул тергөө өлкөдөгү белгилүү адамдарга каршы ачылгн чоң резонанстуу иштин алкагында башталган. Алардын баарына мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу боюнча айыптар тагылган. Арасында Рухшонанын агасы Шокирджон Хакимов да бар. Ал – Тажикстан Социал-демократиялык партиясынын (СДПТ) лидери орун басары болгон.
Кылмыш иштерин козголушуна эмне себеп болгону белгисиз, анткени алардын баары "өтө жашыруун" деген гриф менен каралган.
Шерине