Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинадагы ок атышууну токтотуу боюнча Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү баштоо чакырыгы менен Европа кеңешинин төрагасы Антониу Коштага кайрылды.
Бул тууралуу dpa жана Reuters агенттиктери кабарлашты.
Журналисттердин колуна тийген кайрылууда Евробиримдик Украинага жардамды көбөйтүү боюнча өзүнө кошумча милдеттенмени алуу планынан баш тартышы керектиги жазылган. Евробиримдик өлкөлөрү бул тууралуу бейшембиде өтө турган саммитте сүйлөшүүнү пландап жатат. Билдирүү долбоорунда Украинадагы тынчтык боюнча сүйлөшүүлөр Киевдин катышуусуз өтүшү мүмкүн эместиги айтылган.
Орбандын сөзүнө караганда, түз сүйлөшүүлөр менен ЕБ пландап жаткан жардам бир мезгилде кабыл алынбашы керек. Ал Евробиримдиктин мындай чечимдери бардык мүчөлөрүнүн бирдиктүү добушу менен кабыл алынышы керектигин белгилеген.
Ушундай эле позицияны Словакия да карманууда. Ишемби күнү өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицо Евробиримдиктин күч аркылуу тынчтыкка жетишүү стратегиясын реалдуу эмес деп атаган.
Ал Евробиримдиктин бейшембиге мерчемделген саммити ок атышууну дароо токтотууга жетишүү жөнүндө жыйынтыктоочу резолюцияны камтышы керек деп эсептейт.
“Словакия согуштун улантылышында Украинаны финансылык жактан да, аскердик жактан да колдобойт. Эгерде башкалар ушундай кылууну кааласа, биз алардын тандоосуна сый менен мамиле кылабыз”, - деп жазды Фицо ишемби күнү. (KbA)
Шерине