Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:42

ТИМ АКШдан Коста-Рикага депортация болгондор арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди


АКШдан чыгарылган мигранттар. Коста-Рика.
АКШдан чыгарылган мигранттар. Коста-Рика.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ)АКШ үчүнчү өлкө аркылуу депортация кылган мигранттар арасында кыргыз жарандары да бар экени айтылган кабарларга байланыштуу маалымат таратты.

Мекеме 26-февралда билдиргенине караганда, Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчилиги жана башкы консулдугу иммиграциялык эрежелердин өзгөрүшүнө, кыргызстандыктарды үчүнчү өлкө аркылуу депортация кылуу ыктымалдыгына байланыштуу АКШнын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Бул маселелер боюнча Латын Америка өлкөлөрүнүн АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен да байланышып, иш жүргүзүп жатышканы белгиленди.

Ошону менен катар ТИМ 20-февралда Коста-Рикага депортацияланган 135 чет элдик жарандын тизмесинде, соңку маалымат боюнча, Кыргызстандын жарандары катталбаганын кабарлады.

"Соңку кырдаалга байланыштуу кайрылуулар түшкөн учурда Кыргызстандын АКШдагы өкүлчүлүгү жарандарга зарыл болгон жардамды берет", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Ошондой эле министрлик Кошмо Штаттардыгы миграция чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр жана кыргыз жарандарына тийиштүү болгон абалга байкоо салууну улантарын белгиледи.

Өткөн аптада Reuters маалымат агенттиги АКШ 200дөй мигрантты убактылуу жайгаштыруу боюнча келишим алкагында Коста-Рикага депортация кылганын жазган. Депортация болгондордун арасында Өзбекстандын, Кытайдын, Армениянын, Түркиянын, Ооганстандын, Орусиянын, Грузиянын, Вьетнамдын, Азербайжандын, Ирандын, Иорданиянын, Казакстандын жана Гананын жарандары бар экени кабарланган.

Айым жергиликтүү маалымат каражаттары депортация болгондордун арасында Кыргызстандын дагы жарандары бар экенин жазышкан.

Быйыл 20-январда АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден баштап мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер жүрүп, депортация күч алууда. Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети катары түшүндүргөн.

Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иштеген бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жол менен гана баруу керектигин такай эскертет. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG