Тажикстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) “Озоди” радиосунун ("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы) журналисттерине парламенттик шайлоону чагылдырууга тыюу салынганын эскертти.
25-февралда БШКнын басма сөз борборунун жетекчиси Носиржон Салими “Озоди” радиосуна жөнөткөн катында “аккредитация алуу мөөнөтү өтүп кеткени” себеп катары көрсөтүлгөн.
20-февралда “Озоди” радиосу Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Бахтиёр Худоёрзодага БШК өкүлдөрүнүн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын, байкоочулардын парламенттик шайлоого катышуусу тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен кайрылган.
БШК “Озоди” радиосу “аккредитациянын мөөнөтү өтүп кеткендиктен шайлоо процессин чагылдырууга укугу жок” экенин белгилеп, шайлоого байланыштуу маалыматты аккредитацияланган ММКлардан же БШКнын расмий сайтынан алууну сунуштады.
Бул жолу парламенттик шайлоого катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо мөөнөтү 10-февралга чейин белгиленген жана мурунку шайлоолордон айырмаланып, маалымат БШКнын сайтынын бир гана бөлүмүндө жазылган. “Озоди” радиосу 10-февралда журналисттерди аккредитациялоо өтүнүчү менен дароо БШКга кайрылган, бирок мекеме журналисттердин өтүнүчүн четке каккан.
Маалыматтарга караганда, шайлоону чагылдыруу укугуна жергиликтүү мамлекеттик жана айрым орусиялык маалымат каражаттары гана ээ болду.
Тажикстанда парламенттик шайлоо 2-мартта өтөт. Анда алты партиядан талапкерлер ат салышат. Бири бийликтеги партия, калган партиялар тажик өкмөтүнүн саясатын ачык жактап келет. Өлкөдө оппозициялык жалгыз партиянын өкүлдөрү өз талапкерлигин көрсөткөн эмес.
Коңшу өлкөдө көз каранды эмес маалымат каражаттарына чектөөлөр, эл аралык байкоочулардын жана оппозициянын жоктугу шайлоо процессинин ачык-айкындуулугуна жана адилеттүүлүгүнө олуттуу тынчсызданууну жаратары айтылып келет. (AiA)
Шерине