Кыргызстанда дагы бир окуучунун өмүрү кыйылды
Чүйдө Ысык-Ата районундагы Буденовка айылында 17 жаштагы баланын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө. Милиция ал өз жанын өзү кыйган деп билдирди. Кыргызстанда балдардын өлүмү менен аяктаган окуялар акыркы убакта арбын катталууда. Буга өспүрүмдөрдүн чатакташуусу, мектептеги чоңсунуу себеп экени айтылып жатат. Бул февраль айы ичи өспүрүм каза тапкан бешинчи окуя.
CPJ уюму Жогорку соттун Temirov Live журналисттери боюнча чечимин айыптады
“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун журналисттеринин иши боюнча чыгарган чечимин айыптады. 25-февралда Жогорку соттун коллегиясы абактагы Махабат Тажибек кызынын, Азамат Ишенбековдун жана Айке Бейшекееванын иши боюнча арызды карап, мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Тажибек кызын алты, Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда ошол өкүмдү күчүндө калтырган. Айке Бейшекеевага белгиленген үч жылдан пробациялык жаза чарасы да күчүндө калган.
Бишкекке Европарламент делегациясы келди
Президент Садыр Жапаров 26-февралда Европарламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин депутаттарынан турган делегацияны кабыл алды. Делегация башчысы, адам укуктары боюнча кичи комитет төрагасы Мунир Сатури Кыргызстанда жарандык коом жана сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Жапаров Кыргызстан бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын, бул өзгөчө Европарламенттин Кыргызстандагы кырдаал боюнча кабыл алган резолюцияларында ачык көрүнүп турарын айтты. Европарламенттин депутаттары "Социал-демократтар" партиясынын камакка алынган өкүлдөру боюнча да маселени котөрүштү. Делегация парламент жетекчилиги, коомчулук өкүлдөрү менен да кезикти.
Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча долбоор парламентке 27-февралда кирерин айтты
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишим 27-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетине киргизиле турганын билдирди. Бул тууралуу ал 26-февралда Баткен шаарында жаңы стадиондун курулушунун башталышында сүйлөп жатып айтты. 21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.
ХАМАС Израилге дагы төрт адамдын сөөгүн өткөрүп берери маалымдалды
АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Израилге барымтадагы төрт адамдын сөөгүн өткөрүп берет. Израил туткундагы палестиндерди бошотот. Бул тууралуу эки тарап тең билдирди. Тараптар Египеттин ортомчулугу менен туткун айырбаштоо боюнча жаңы макулдашууга жетишкени кабарланды. Палестин туткундарын бошотуу жана израилдик төрт адамдын сөөгүн алмашуу жараяны бир убакта өтөрү маалымдалды. ХАМАС радикал тобу 22-февралда барымтада кармап турган алты израилдикти бошоткону үчүн Израил өз абактарынан 602 палестинди чыгармак. Бирок 23-февралда Израил ал палестиндерди абактан бошотуу боюнча кезектеги жараянды токтото турмай болгонун билдирген.
Мас абалда рулга отурган 18 миңдей айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды
Кыргызстанда соңку эки жылда мас абалында машина айдаган 17 928 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу 26-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Ага ылайык, мас айдоочуларга 17 миң 500 сом айып пул салуу жазасы бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу тууралуу берене менен алмашылган. Бул беренеге туш болгондор бир жыл машина айдай албайт. Ички иштер министрлиги мас болуп унаа айдагандарга карата чараны мындан да катаалдатууну сунуштоодо.
Суданда авиакырсыктан 40тан ашуун адам набыт болду
Африканын чыгышындагы Судан өлкөсүндө аскердик учак кыйрап, 40тан ашуун киши, анын ичинде жогорку кызматтагы аскер адамдары набыт болду. Бул тууралуу 26-февралда эл аралык басылмалар дарыгерлерге жана ички булактарга таянуу менен билдирип жатышат. AP агенттиги тараткан акыркы маалыматтарга караганда, 46 адам каза болду, дагы кеминде 10 адам жараат алды. Издөө иштери уланууда. Белгисиз себептерден улам учак өлкөнүн борбору Хартумдун жанындагы Омдурман шаарындагы аскердик аэродромго жакын эл жыш жайгашкан жерге кулап түшкөн. Каза болгондордун арасында аскер адамдары да, катардагы жарандар да бар экени айтылууда.
Шерине